Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
616 Бардыгы / 2024-2028-жылдары Ош облусунда туризмди өнүктүрүү үчүн алгылыктуу иштер жасалмакчы. Бул туурасында Ош облусунун жана Ош шаарынын туризм боюнча кеңешинин кезектеги отурумунда айтылды. Жыйында мындан ары туризмди ырааттуу өнүктүрүү, инфратүзүмдү заманбап жакшыртуу жана туризмге инвестиция тартуу маселелери дагы өтө катуу талкууланды. Аталган жыйынга президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ш.Козубаев, Туризм […]
617 Бардыгы / 2024-2028-жылдары Ош облусунда туризмди өнүктүрүү үчүн алгылыктуу иштер жасалмакчы. Бул туурасында Ош облусунун жана Ош шаарынын туризм боюнча кеңешинин кезектеги отурумунда айтылды. Жыйында мындан ары туризмди ырааттуу өнүктүрүү, инфратүзүмдү заманбап жакшыртуу жана туризмге инвестиция тартуу маселелери дагы өтө катуу талкууланды. Аталган жыйынга президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ш.Козубаев, Туризм […]
2024-2028-ЖЫЛДАРДА ОШ ОБЛУСУНДА ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР ЖАСАЛАТ
23.01.2024 / Автор anarkan_kg618 Бардыгы /
2024-2028-жылдары Ош облусунда туризмди өнүктүрүү үчүн алгылыктуу иштер жасалмакчы. Бул туурасында Ош облусунун жана Ош шаарынын туризм боюнча кеңешинин кезектеги отурумунда айтылды. Жыйында мындан ары туризмди ырааттуу өнүктүрүү, инфратүзүмдү заманбап жакшыртуу жана туризмге инвестиция тартуу маселелери дагы өтө катуу талкууланды.
Аталган жыйынга президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ш.Козубаев, Туризм департаментинин директору Н.Миңбаев, «КР туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКсынын вице-президенти Б.Дыйканбаев, Ош шаарынын мэриясы, Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы, Ош ОИИБ, жергиликтүү райондук мамлекеттик акимчиликтердин, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, Эл аралык уюмдардын жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү дагы катышты.
Туризм департаментинин директору Н.Миңбаев туризм өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу тармагы экендигин баса белгилеп, Ош облусунун жана Ош шаарынын туристтик дараметин натыйжалуу пайдаланууга ыраса үндөдү. Ошондой эле ал бул тармакта биргеликте иш жүргүзүүнү дагы сунуштап, туристтик тейлөө борборлорун куруу боюнча долбоорун презентациялап, аны жүзөгө ашыруу үчүн жер тилкелерин тактап берүү сунушун кошо киргизди.Ал эми Ош облусунун жана Ош шаарынын туризм боюнча Кеңешинин мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ишкерлер тарабынан ушул тапта абдан актуалдуу жана туристтик жааттагы көйгөйлүү маселелер үстөккө-босток көтөрүлүп, аларды биргелешип чечүүнүн жолдору, туристтерге сылык-сыпаа мамиле жасоону адатка айлантуу, инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча маселер дагы орой-чарай талкууланды.
Ошентип, күн тартибинде Ош облусунда жана Ош шаарында туризмди туруктуу өнүктүрүү, жергиликтүү Чил-Устун, Кара-Кой, Абшыр-Ата жана Кара-Шоро туристтик обьектилеринин ишмердигин ого бетер илгерилетүү, райондордун, жергиликтүү бийликтердин туризм жаатын өнүктүрүүгө карата иш-аракеттерин ыраса күчөтүү, туристтик инфратүзүмдү азыркыдан дагы жакшыртуу, жашыл жаңы туристтик өндүрүмдөрдү иштеп чыгуу, туризм тармагына жер тилкелерин аянбастан бөлүү, аларды тактоо чет элдик туристтерге сунуштоо аркылуу жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүү өёдөнгөн маселелердин алкагында кенен-чонон талкуу жүргүзүлдү.
Ошентип, Туризм департаментинин колдоосу аркасында Ош облусунда жана Ош шаарында туризм тармагында аткарылып жаткан иш-чаралар боюнча АРИС, ПРООН, ПЭРЭТО, Хельветас Кыргызстан, GIZ эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү дагы кененирээк маалымат беришти. Туризм департаменти тарабынан Улуу Жибек-Жолунун провайдери аталган Ош облусу жана Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүү үчүн 2024-2028-жылдары алгылыктуу иштер жасала тургандыгы убадаланды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТТА БАЛДАР ЧОПОДОН ЖАСАЛГАН МЕКТЕПТЕРДЕ БИЛИМ АЛЫШАТ
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТ ШААРЫНДА ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ӨТМӨК КУРУЛАТ
-
-
23.11.2023 / Автор anarkan_kg МОСКВАДА ӨЗБЕКСТАНДЫК МИГРАНТТАР КАТЫШКАН ЖАПЫРТ МУШТАШ БОЛДУ
-
-
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.