Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
556 Бардыгы / 24-январда карап Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын, аны сот залынан 26-февралга чейин камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы кабарлаган. Депутат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалат. Мунун алдында Жамгырчиевдин адвокаты Кайсын Абакиров сот анын “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” иши боюнча […]
557 Бардыгы / 24-январда карап Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын, аны сот залынан 26-февралга чейин камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы кабарлаган. Депутат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалат. Мунун алдында Жамгырчиевдин адвокаты Кайсын Абакиров сот анын “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” иши боюнча […]
ДЕПУТАТ ЭМИЛ ЖАМГЫРЧИЕВ 26-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН КАМАЛДЫ
25.01.2024 / Автор anarkan_kg558 Бардыгы /
24-январда карап Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын, аны сот залынан 26-февралга чейин камакка алды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы кабарлаган. Депутат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалат.
Мунун алдында Жамгырчиевдин адвокаты Кайсын Абакиров сот анын “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” иши боюнча бөгөт чарасын карап жатканын билдирген.
10-январда Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев 2022-жылы Жамгырчиев Өзбекстандын “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолукканы тууралуу маалымат бардыгын айткан. Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке келгенде да ырастаган.
Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.
Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген чечимин 9-январда жабык жыйында кабыл алган. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын парламенттеги иш бөлмөсүнө кирип, 2-кабаттан терезеден секирип түшүп, качып кеткен.
Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында комментарий берген. Ал депутаттарга кайрылып, тергөө иштери жүрүп жатканын, иш сотко өтүп өкүм чыккандан кийин гана сын-пикир айтылышы керек экенин билдирген.
Өзбекстанда 74 жаштагы Салим Абдувалиев былтыр декабрдын башында кармалган. Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.