Аймак

КАРА-СУУ БАЗАРЫНДА СООДАГЕРЛЕРДЕН МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ТОПТОГОН АЯЛ КАРМАЛДЫ

КАРА-СУУ БАЗАРЫНДА СООДАГЕРЛЕРДЕН МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ТОПТОГОН АЯЛ КАРМАЛДЫ

 648 Бардыгы /

          Кара-Суу районундагы «Туратали» базарында соодагерлик кылышкан жарандардан мыйзамсыз түрдө салык жыйымдарын чогултуп жүргөн «Жеенбекова К.» чакан ишканасынын директору Ж.К.Ш. кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

          УКМК тараткан маалыматка караганда, «Жеенбекова К.» чакан ишканасынын директору Ж.К.Ш. өзүнүн кызматынан кыянатчылык менен пайдаланып, а түгүл күн сайын «Контейнериңди жок кылдырам!» деп коркутуп-үркүтүп, ижарачылардан ижара акысын түзүү жана узартуу максатында 5-10 миң долларга чейин акча алып турган. Ошондуктан, Ж.К.Ш. алгачкы сумманы – 5 миң долларды алып жатканда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, атайын кызматтын Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына дароо киргизилди.

          Айтмакчы, «Жеенбекова К.» чакан ишканасынын директору Ж.К.Ш.нын үйүн тинтишкенде, ал жерден 135 миң 600 АКШ доллары,  1 миллион 113 миң 800 кыргыз сому, алтын шакектер, чынжырлар, сөйкөлөр, НБКР-999 үлгүсүндөгү алтындын үлгүлөрү,  2017-жылкы «Рейндж Ровер» үлгүсүндөгү автоунаа дагы табылды. Ошондуктан УКМК ишкерлерден мыйзамсыз акча тоногонго жол бербөө максатында мындай иш-чараларды такай өткөрүүнү дагы улантмакчы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17