Аймак

БАТКЕНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АКЧАНЫ МЫЙЗАМСЫЗ КӨТӨРҮП ЖҮРГӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

БАТКЕНДЕ МИЛЛИОНДОГОН АКЧАНЫ МЫЙЗАМСЫЗ КӨТӨРҮП ЖҮРГӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 984 Бардыгы /

          Баткен облусунда миллиондогон акчаны мыйзамсыз жана беймарал көтөрүп жүргөн жаран акыры кармалды. Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

          Милициянын билдирүүсүнө караганда, Кадамжай районунун коңшулаш Өзбекстан менен тыгыз чектешкен Алга айылынын 32 жаштагы И.И. аттуу тургуну кармалды. Ал өзү башкарган унаасында коңшу мамлекеттен аткезчилик жол менен ташылган мыйзамсыз акчаларды алып өтүп жаткан жеринде колго түшүрүлдү. Тыкыр текшерүүнүн жүрүшүндө эки капка таңгакталып салынган акча каражаттары табылган — булар 11 миллион 700 миң рубль жана 110 миң АКШ доллары.

          Ошентип, аталган факты Баткен облустук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 231-беренесинин («Экономикалык контрабанда») негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ушул тапта тергөө жараяны абдан кызуу жүрүп жатат.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17