Аймак

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДА КОҢШУЛАШ ЭКИ ӨЛКӨНҮН РАЙОНДОРУНУН АКИМДЕРИ ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДА КОҢШУЛАШ ЭКИ ӨЛКӨНҮН РАЙОНДОРУНУН АКИМДЕРИ ЖОЛУГУШТУ

 624 Бардыгы /

          Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялардын кезектеги жолугушуусу  Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хочаи-Аөло айылына чектешкен Төрт-Көчө жерлигинде өткөрүлдү.

          Расмий жолугушуунун жүрүшүндө бир нече олуттуу көйгөйлөр ачык эле ортого салынып, төмөнкүлөр боюнча өз ара макулдашууга жетишилди:

  • эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы тынчтыкты, укуктук тартипти туруктуу сактоо;
  • сугат суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала өз ьара макулдашуу;
  • жаз алды менен арыктарды тегиз тазалоо иштерин жүргүзүү;
  • макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин жүргүзбөө;
  • чагымчылык аракеттердин алдын алуу үчүн тиешелүү биргелешкен чараларды көрүү;
  • эки элди түрдүү чагымчыл чакырыктарга алдырбоо максатында тиешелүү түшүндүрүү иштерин кошо жүргүзүү.

          Баса, Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев кошумчалагандай, ушул тапта Баткен жергесиндеги чек ара аймагында коомдук-саясий абал тынч бойдон жана стабилдүү.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17