Аймак

ЭЛЕКТРОНДУК ЧЫЛЫМГА ТЫЮУ САЛУУ СУНУШУ КООМДУК ТАЛКУУГА ЧЫГАРЫЛДЫ

ЭЛЕКТРОНДУК ЧЫЛЫМГА ТЫЮУ САЛУУ СУНУШУ КООМДУК ТАЛКУУГА ЧЫГАРЫЛДЫ

 696 Бардыгы /

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек өлкө аймагында электрондук чылым колдонууга, сатууга жана алып кирүүгө тыюу салууну демилгеледи.

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 1-февралдан тарта коомдук талкууга чыгарылды.

Ташиев Укук бузуулар кодексине атайын кутуларга куюлган, түрдүү жыты бар электрондук чылымдарды колдонууга тыюу салган беренени кошууну сунуштоодо. Документте продукциянын тизмеси көрсөтүлгөн эмес.

Электрондук тамеки колдонгону үчүн депутат жеке жактарга 4 миң сом, юридикалык жактарга 6 миң сом айып салууну сунуштоодо. Аларды саткан жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 6500 сом айып чегерүү демилгеленди.

Ташиев Кыргызстандын аймагына электрондук тамекилерди алып кирүүгө тыюу салууну да сунуштоодо. Мыйзам бузгандарга 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде Ташиев электрондук чылым салттуу тамекилердин коопсуз альтернативасы катары популярдуу болуп калганын белгиледи. Депутаттын айтымында, электрондук тамекилер мектеп окуучуларынын арасында да көп колдонулууда:

“Бирок колдонулуучу суюктуктун курамы жана химиялык компоненттери тууралуу эч ким билбейт. Чылымга жагымдуу жыт жана даам берүүчү айрым ароматизаторлор кээ бир адамдарда, айрыкча аллергиялык реакциялардан (дем кыстыгуудан) азап тарткан адамдарда терс реакцияларга алып келиши мүмкүн”.

Шайырбек Ташиев электрондук тамекиге тыюу салууну 2023-жылдын март айында эле сунуштаган. Анда ал электрондук тамеки колдонгон кыздарга тынчсыздануусун билдирген. Бирок депутат мыйзам долбоорун дээрлик бир жылдан кийин талкууга алып чыкты.

Кыргызстанда 2021-жылдан тарта коомдук жайларда кальян, тамеки тамеки жана электрондук тамеки чегүүгө тыюу салынган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17