Аймак

КЫТАЙДЫН АНЬКАН ШААРЫ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ОРТОСУНДА БООРДОШТУК МЕМОРАНДУМУ ТҮЗҮЛДҮ

КЫТАЙДЫН АНЬКАН ШААРЫ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ОРТОСУНДА БООРДОШТУК МЕМОРАНДУМУ ТҮЗҮЛДҮ

 648 Бардыгы /

Меморандумга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Кытай Эл Республикасынын Анькан шаарынын мэри Чай Лии кол койду.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

меморандумга ылайык, эки тарап аймактардын кызматташуу мамилелерин тереңдетип, соода-экономикалык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу тууралуу макулдашышты.

Кытайдын Анькан шаарында 3 млн. калк жашайт. Калаада завод-фабрикаларды иштетүү, нанотехнология тармактары өнүккөн.

Белгилей кетсек, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган делегация Кытай Эл Республикасынын Анькан шаарына жумуш сапары менен барды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17