Аймак

АКЫЛ ОРДО ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАРДЫН ФИЗИКА ПРЕДМЕТИНЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУСУН АРТТЫРУУ

АКЫЛ ОРДО ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ АРКЫЛУУ ОКУУЧУЛАРДЫН ФИЗИКА ПРЕДМЕТИНЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУСУН АРТТЫРУУ

 753 Бардыгы /

Сабактын максаты: Окуучулардын билим, билгичтик, көндүндөрүн калыптандыруу, системалуу билим деңгээлине ээ болгонун текшерүү жана физикага болгон кызыгуусун жогорулатуу.

Окуучулар жооптууылдам таба билүү аркылуу маалыматтарга ээ болуу, ой жүгүртүү жана сынчыл ойлонуу көндүмдөрүн калыптандыруу менен өзүн-өзүн өнүктүрүү.

Маалымдуулугун кеңейтүү менен интелектуалдык деңгээлин жогорулатууга, жекече, топто иштөөгө, бири – бирине жардамдашууга, тез ойлонуп таба билүүгө тарбиялоо.

Пиза-2025

  1. Кездеменин электр тогун өткөрөрүн же өткөрбөсүн аныктоо үчүн кайсы лабараториялык жабдуудан пайдаланса болот?Вольтметр
  2. Суу ток өткөрөбү? Жок өткөрбөйт. Себеби Н2О суу өткөркүч касиетке ээ эмес
  3. Сингапур дүйнөдөгү таза суу жетишсиз болгон өлкөлөрдүн бири. Ошондуктан Сингапурда пайдаланылган таза суунун 40%ын жамгырдан алышат. Анткени, башка сууларга караганда жамгырдан алынган сууну тазалоо оңой. Себеби, жамгыр суунун курамында туз болбойт?
          Сингапурда ичүүчү суу катары жамгырдын суусун колдонула электе курамынан туз бөлүнүп алынган суу каерден алынган болушу мүмкүн.
    А) жер астындагы суулардан    Б) дарыялардан
    В) башка мамлекеттерден          Г) көлдөрдөн Д) деңиздерден

(Сингапур деңиздин жээгинде жайгашканын эске алсак, туура жооп деңиздерден)

  • Физикалык көнүгүүлөрдү  аткарып жатканда булчуңдарыбызда эмне пайда болот? Булчуңдардын кан менен камсыз болушу көбөйөт
  • Желкендүү кемени кыймылга келтирүүгө кандай күч таасир этет (шамал)

Окумуштуулар

  1. Алгачкы НОБЕЛЬ сыйлыгыналганокумуштуу ким?         (Вилям Рентген)
  2. Айгабиринчикадамкойгонамерикалыкокумуштуу?(ГилАрмстронг)
  3. «Эгер жердин таяныччекитин мага таап берсеңер, жерди өз ордунан жылдырып берет элем” Бул кимдин сөзү? ( Архимед)
  4. Голландиялык улуу физик Христиан Гюйгенс маятниктин термелүүсүн изохрондуу касиетин убакытты ченөө үчүн пайдаланууга болорун канчанчы жылы айткан? (1657-жылы)
  5. Блез Паскаль канчанчы жылы төрөлгөн? (1623-жылы)

Макалдарда физика кубулуштары

  1. Алма сабагынан алыс түшпөйт (Оордук күчү)
  2. Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет (буулануу)
  3. Темирди кызуусунда бас (катуу заттардын касиети)

              Чоңдуктар

  1. Ал жер шаарындагы баардык нерселерде бар. Ал болбосо кантип нерсе сатып алабыз? (масса)
  2. Бир нерсенин таасиринин астында башка бир нерсенин формасынын өзгөрүшү эмне деп аталат? (Күч)

 Кубулуштар

  1.  Кундүн желеси кайсы физикалык кубулушту аныктайт? (дифракция)
  2. Аны адамдар жаныбарлар, машиналар жасашат? (кыймыл)
  3. Кыймылдаганда кайсы энергияга ээ болобуз? (Кинетикалык)
  4. Күндөн жылуулук планеталарга кайсы жол менен берилет? ( Нурдануу)
  5. Ааламдагу эң чоң ылдамдыкэмненин ылдамдыгы? (жарыктын)

Логикалык суроолор

  1. Өзу сууда жаралып, суудан коркот? ( туз )
  2. Эмне үчүн Россияда биринчи орунда, Францияда экинчи орунда? (Р тамгасы)
  3. Аралаштырып айтканын уксаң абдан таттуу, бирден талдап түшунсөң уудан ачуу. (ушакчы)
  4. Химияда алардын саны 5, физикада 6, алгебрада 7. Эмне жөнүндө сөз болуп жатат? (тамга)
  5. Адам 75 жыл жашаса 8 сааттан уктаса канча жылдык өмүрүн уктап өткөрөт? (25жыл)

Бирдиктер

  1. Термелүү жыштыгынын бирдигин атагыла? (Герц-Гц)
  2. Бурчтук ылдамдыктын бирдиги? (ра/с)
  3. Энергиянын бирдиги (Дж)
  4. Планктын универсалдуу турактуулугунун бирдиги кандай? h=6,62*10-3(Дж*сек)
  5. Универсалдуу газдын турактуулугунун бирдиги R=8,31 (Дж/мол0К)

Адабият сабагында физика предмети

  1. Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт “ Ал ортодо асман ачылып, деңиздин кыйырынан күндун көзү көрүндү. Ошол чек деңиз эмес ааламдын кыйыры сыяктанып, күн айласыз алыста балбылдап турду. Азыр көз уялтпай күндү тик караса болчудай. Ошол кызыл-көк мунарык жээкте күн балбылдап, кызарып аз-аздан булаңгыр, кызгылт болуп батып баратты? (Жарыктын дисперциясы)
  2. Чагылгандын добушун

Анча угузбай шаарда

Адамдардан тосчу экен

Айнек, дубал, каалга

Жарк журк этип калдырттап,

Аска зоолор жаңырган

Жаалы катуу, сүрдүү экен

Жайлоодогу чагылган

(Үн толкундары)

  • Убакыт закымдаган улуу дайра

Агызат бул турмушту дайым алга

Ар нерсе ал агымга кабылган соң

Эч качан башкы орунга келбейт кайра

Убакыт айныбастан алга умтулат

Мокотуп, кеткен ишти унуттурат

Канчалык жан талашып тырышсаңда

Алыстап кала берет жаштык курак (кайталануучу жана кайталанбоочу процесстер)

  • Басып өткөн кара таш

Талкан болуп быркырап.

Жолум үндөй даңканы

Арстан Манас атаңын

Төбөсүндө чыркырап.

Басып өткөн кара жер

Кол арык болуп оюлган.

Туягы туура тийген жер

Кемер болуп оюлган.

Араандай оозу ачылган,

Кан  аралаш ак көбүк

Омуроого чачылган. (Катуу заттардагы басым)

  • Ойрон катын Каныкей ар жерден келген усталарды чогултуп, Манаска күмбөз тургузду. Алты атан комдотуп, Наманганды чалдырды, күлбото топуракты кире менен алдырды. Букарда өскөн долу жеңе кыз кезинде көп көргөн, найын топуракты эзип, аккан Аму менен Сыр дарыяга жиберип, суусун тундуруп, топурагын алдырды. Ага жез менен темирдин өгөндүсүн кошуп жуурутуп, колго жукпай калгыча ийлетти. 600 эркеч сойдуруп, жүнүн ылайга кошуп, майына кыш бышыртып, айкөлүмдүн күмбөзү 6 кылым турсада муюбасын деп салды. (Катуу заттардын касиеттери)

Г.Кутманова, Ала-Бука району, №40 Ч.Айтматов орто мектебинин мугалими
Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17