Аймак

КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ

КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ

 822 Бардыгы /

Изилдөө ишинин темасы: КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ.

Изилдөө объектиси: Климат

Изилдөөнүн актуалдуулугу: Климаттын өзгөрүшүнүн келечекке тийгизген таасири

Изилдөө максаты: Окуучулар климаттын өзгөрүү себептерин аныктап аны жумшартуунун жолдорун үйрөнүшөт.

Милдети: Климаттын өзгөрүү себептери боюнча маалымат топтоо

  • анализ жүргүзүү
  • салыштыруу

Гипотеза: эгер климаттын өзгөрүү себептерин аныктап, аны жумшарта алсак, экологияга зор салым кошо алабыз.

Изилдөө методу: маалымат булактары

  • байкоо
  • сурамжылоо
  • эксперимент жүргүзүү

Ыраттуулугун аныктоо:

  • маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу
  •  топторго бөлүү
  • Климаттын өзгөрүү себептерин аныктап алуу

Окуучулар 4 топко бөлүндү.

Биринчи топ климат жөнүндө маалымат топтоп келишкен:Климат сөзү грек тилинен которгондо “Күндүн жантайышы”дегенди билдирет.Чынында эле биздин планетадагы климаттык айырмачылыктар биринчи кезекте Күндүн жылуулугунун Жер бетине бирдей эмес таркашына байланышкан.Ошондой эле климаттын өзгөчөлүгүнө деңиздин жакындыгы, атмосферадагы циркуляция, жаан-чачындардын түшүү режими жана башка “климатты жаратуучу факторлор” зор таасир этет. Алар өз кезегинде географиялык кеңдиктерге, ошондой эле деңиз деңгээлинен жогорку бийиктиктерге жараша болот.

        Климаты окшош аймактар кеңири тилкелерди-“климаттык алкактарды”билдирет. Негизги климаттык алкактар: экваториалдык, тропикалык, мелүүн жана уюлдук.Алар негизги деп эсептелет, анткени бул жерде жыл бою ошол климаттык алкакка мүнөздүү бир эле аба массасы үстөмдүк кылат.

        Кыргызстандын климаты кескин континенталдуу, негизинен кургакчыл келет, бийик тоолуу рельефтин эсебинен булуттуулуктун жана жаан-чачындардын натыйжасында бир аз жумшарат. Кыргыз Республикасынын аймагында төрт климаттык аймакты бөлүп кароого болот: Ички Тянь-Шань, Түндүк-Чыгыш, Түндүк-Батыш, Түштүк-Батыш.

        Жердеги эң муздак жер-Антарктиданын чыгыш түздүгүндө. Абанын эң төмөнкү температурасы -89,2 градус С.Планетадагы эң ысык жер-АКШдагы Өлүм өрөөнү, ал жерде абанын көлөкөдөгү температурасы +56,7градус С Экинчи топ Азыркы кездеги климаттын өзгөрүшү жөнүндө маалымат беришет:Соңку жүз жылдын ичинде температура таң калыштуу түрдө өсө баштады.100жылдын ичинде планета дээрлик градуска жылыган. Түндүк жарым шарда соңку 1400 жылда 1983-жылдан 2015-жылга чейинкидей жылуу мезгил болгон эмес.Мындай өзгөрүүлөрдүн себептери жөнүндө божомолдор өтө көп.Күндүн активдүүлүгү көбөйүп, Жердин огунун жантаюусу өзгөрүп жаткандыгы себеп болушу мүмкүн.Адамдын өзү энергияны көп талап кылгандан улам климаттыык кесепеттери себеп болушу мүмкүн.Биздин планетада болуп жаткан кээ бир процесстерге биз таасир берсек, кээ бирлерине таасир эте албайбыз. Эгерде биз Күндун активдүүлүгү көбөйүп, Жердин огунун жантаюусу өзгөрүп жаткандыгына таасир эте албаганыбыз менен, парник газдарынын чыгышынын көлөмүнө адам таасир эте алат.

            Парник эффекти деп атмосферада камтылган газдар, чаң, суунун буулары жердин жылуулугун сиңирип алып жана жердин үстүнкү бетинен анын чагылышына тоскоолдук кылган процессге айтылат.Атмосферадагы парник газдары:көмүр кычкыл газы, метан, кээ бир башка газдар, ошондой эле суунун буусу.Алар Жердин үстүнкү бетинен чыгып жаткан инфракызыл нурлануу тосуп калат.Мунун кесепетинен атмосферанын төмөнкү катмарларына зыян жетет.

Үчүнчү топ Климаттын өзгөрүшүн өзүбүз жашаган айылда байкоо жүргүзүп видеороликтерди жана сүрөттөрдү даярдап келишет

Климаттын өзгөрүшү-азыркы учурдун эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири. Азыр бир топ жылуу, ал эми аба ырайы негизинен кыйла өзгөрүлмөлүү болуп калгандыгын байкап жатабыз. Соңку 130 жылда Жердин орточо температурасы бир градуска көбөйгөн. Ал түгүл планетанын масштабында температуранын бир аз гана көбөйүшү анда жашагандар:өсүмдүктөр, жаныбарлар жана сиздер менен бизге коркунучтуу болуп калды.

Азыр кыш мезгили болушуна карабай январь айында температура жогоруу болгондуктан дарактар кышкы уйкуга кетпей гүлдөп баштады.



Төртүнчү топ климаттын өзгөрүү себептерин аныктап аны жумшартуу жолдорун издешет.
·       Биз колдонгон буюмдардын бардыгы энергиянын жана көптөгөн адамдардын эмгеги менен өндүрүлгөн.Муну менен бирге буюмдарды өндүрүүдөгү калдыктар жана улам өсүп жаткан таштанды таштоочу жерлер жашоо үчүн жагымсыз болуп жана климатка таасир тийгизип атат.
·       Кылдат мамиле кылуу буюмдардын өмүрүн узартат.
·       Эгерде кайсы бир себептерден улам буюм бизге кереги жок болуп калса,ал кимге керек деп ойлонуу керек.
·       Эгерде буюм таптакыр сынып калган болсо,анда ал жасалган материалды кайра иштетүүгө жиберүү керек.
·       Дүкөндөргө өз баштыгыңар менен барып, кассада сизге сунуш кылган пакеттерден баш тартуу керек.
Эгерде биз 1т кагазды сактасак, анда 13т мунайды, 4100кВт саат энергиясын жана 32т сууну сактаган болобуз.
Ошентип, көмүр кычкыл газын азайтуу үчүн азыраак энергия жумшап, керексиз буюмдарды сатып албай,таштандыны кайра иштетүүгө тапшырып, жөө жүрүп жана велосипед тээп, биздин жардамчыларыбыз өсүмдүктөр экендигин дайыма эске тутуу керек.

Жыйналган маалыматтарды талдоо жана жалпылоо.

Климаттын өзгөрүү себептерин аныктап чыгуу

Мөөнөтү: бир жума

Жактоого даярдык:

  • презентация
  • слайд
  • сүрөттөр
  • тесттик тапшырмалар

Ч. Айтматов атындагы №40 жалпы орто билим берүүчү мектебинин география мугалими                      Аманова Ферузанын

  • класстарга   “Климаттын өзгөрүшү”

деген темада өткөн ачык саатынын

иштелмеси

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17