Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
685 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен дагы жеринде таанышты. Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров адегенде аталган долбоор мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк алкагында биринчи жолу ижүзөгө ашырылып жаткан долбоор экендигине кеңири токтолуп, курулуш […]
686 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен дагы жеринде таанышты. Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров адегенде аталган долбоор мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк алкагында биринчи жолу ижүзөгө ашырылып жаткан долбоор экендигине кеңири токтолуп, курулуш […]
ӨЗГӨН ШААРЫН АЙЛАНЫП ӨТҮҮЧҮ ЖОЛДУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
07.02.2024 / Автор anarkan_kg687 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен дагы жеринде таанышты.
Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров адегенде аталган долбоор мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк алкагында биринчи жолу ижүзөгө ашырылып жаткан долбоор экендигине кеңири токтолуп, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, обьектти өз мөөнөтүндө бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн дагы баса белгиледи. Жолдун узундугу 14 чакырым. Долбоор ошондой эле бир нече көпүрөлөрдү жана жер астындагы өтмөктөрдү курууну дагы ичине камтыйт. Курулуш иштерин 2024-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылууда. Сметалык баасы 2,6 миллиард сом.
Ушул тапта Бишкек-Ош жолунда тыгын көбөйдү. Анын ичинен Өзгөн шаарын кесип өткөн жерде мындагы чакан көчөлөрдө автоунаалар сааттап туруп калган учурлар дагы болот. Ал эми жаңы айланма жол Өзгөн районуна кире бериш жерден шаарга жетпей, анын сыртынан гана өтүп кетет. Райондун Кароол жана Ана-Кызыл айылдарын байланыштырат. Бул жол кыймылынын интенсивдүүлүгүн жана жол тыгынын бир топ азайтат деп күтүлүүдө.
Буга улай Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөн районундагы Кара-Дарыя дарыясына курулуп жаткан дамбанын курулушунун жүрүшү менен дагы жеринде таанышты. Долбоордун сметалык наркы 731 миллион сомду түзөт. Дамбанын узундугу 4551 метр. Курулуш 2024-жылдын март айында бүтүшү күтүлүүдө. Баш-Дөбө жана Кароол Айыл Өкмөттөрүнө жакын жайланышкан бул аймакта заманбап турак жай комплекстерин долбоорлоо пландаштырылууда. Министрлер кабинетинин башчысы бул комплекстерди куруунун долбоорун абдан сапаттуу даярдоону катуу тапшырды.
Бишкек-Ош магистралында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол куруу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр 20-декабрда кол койгон. Өзгөн шаарын айланган жол салуу көп жылдан бери айтылып, бирок, жүзөгө ашпай келаткан эле. Мунун себеби катары каражаттын жетишсиздиги жана саясий эрктин жоктугу дагы аталып жүргөн.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖҮЗҮН ТОЛУК ЖАПКАН 300ГӨ ЖАКЫН АДАМГА КАТУУ ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛДИ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.