Аймак

ОШ ОБЛУСУНУН КАЛКЫНЫН 87 ПАЙЫЗЫ ГАНА ТАЗА СУУ ИЧИШЕТ

ОШ ОБЛУСУНУН КАЛКЫНЫН 87 ПАЙЫЗЫ ГАНА ТАЗА СУУ ИЧИШЕТ

 450 Бардыгы /

          Ош облусунун калкынын дээрлик 87 пайызы гана ичилүүчү таза суу менен толук кандуу камсыз этилген. Мында АРИС программасынын мээнети абдан чоң! Бул жөнүндө Кыргыз респбуликасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Эльчибек Джантаев билдирди.

          – Ушул тапта Кара-Кулжа районунда төрт айылда таза системасы пайдаланууга тапшырылды. Мындан тышкары Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат райондорунда таза жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын (канализациянын) курулушун иштерин жандандырды, – деп кошумчалады Кыргыз респбуликасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Эльчибек Джантаев.

          Албетте, шаар макамын алып жүрүшкөн Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн калааларына туристтер абдан көп келишет. Демек, буларда ар дайым заманбап шарттар (мейманкана, эс алуу жайлары, сейил бактар) жаратылышы кажет!

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17