Аймак

МАРКУМДУ ЖЕРГЕ БЕРҮҮДӨ МАЛ-ЖАНДЫК СОЙГОНДОРГО АЙЫП ПУЛ САЛЫНАТ

МАРКУМДУ ЖЕРГЕ БЕРҮҮДӨ МАЛ-ЖАНДЫК СОЙГОНДОРГО АЙЫП ПУЛ САЛЫНАТ

 330 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаардык мэриясы ысырапкорчулуктун алдын алуу максатында жарандарга маркумду жерге берүүдө мал-жандыктардын союлбашы керектигин эскертет.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

эскертүүгө баш ийбеген жарандарга айып пул салынат.

“Андыктан барыңыздарды ысырапкорчулуктан алыс болууга чакырабыз”,- дейт шаардык мэрия.

Белгилей кетсек, Президенттин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду жерге берүүдөгү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын турмушка ашыруу максатында, каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды, үйлөнүү-үлпөт тойлорун, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү жана маркумга арналган иш-чаралардын өткөрүлүшүн көзөмөлгө алуу боюнча шаардык мэриянын алдында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Учурда жумушчу топ бул багытта иш алып барууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17