Аймак

СОТ ЭКС-ДЕПУТАТ КАМЧЫБЕК ЖОЛДОШБАЕВДИ ЭКИ АЙГА КАМАККА АЛДЫ

СОТ ЭКС-ДЕПУТАТ КАМЧЫБЕК ЖОЛДОШБАЕВДИ ЭКИ АЙГА КАМАККА АЛДЫ

 402 Бардыгы /

Тиешелүү токтомду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-февралда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Атайын кызмат “Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев кармалганын 22-февралда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, “Беш-Сары” компаниясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган. УКМК мындан сырткары документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайда жасалма түрдө төмөндөтүлүп, салык органдарына жалган маалыматтар берилип турганын кабарлаган.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 2023-жылдын декабрь айында атайын кызматтын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып ири соода-сатык комлекстеринин ээлерин өлкөдөгү эң бай адамдар катары сыпаттап, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алкановдун аттарын атаган.

Ал “Кыргызстандагы базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп айткан.

Камчыбек Жолдошбаев “Беш-Сары” компаниясынын негиздөөчүсү жана кожоюну. Ал парламенттин VI чакырылышынын депутаты болгон жана парламенттеги талкуу жараткан билдирүүлөрү менен белгилүү.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17