Аймак

БАТКЕН ЖЕРГЕСИНДЕ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН 30 ОБЬЕКТ БУЗДУРУЛДУ

БАТКЕН ЖЕРГЕСИНДЕ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН 30 ОБЬЕКТ БУЗДУРУЛДУ

 207 Бардыгы /

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүндө мыйзамсыз курулуштарга тыкыр текшерүү жүргүзүлдү. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен кабарлашты.

          Маалыматка караганда, мындай текшерүү Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен аймактар аралык бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгынын негизинде жүзөгө ашырылды. Жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаарында 3 обьект, анан дагы Үч-Коргон айыл өкмөтүндө 27 мыйзамсыз курулган обьект аныкталып, булардан тышкары 53 обьектиге дагы акыркы эскертүү берилди. Аталган фактылар боюнча жалпысынан 18 материал Кадамжай РИИБсине өткөрүлүп берилди. Мыйзамсыз курулган курулуштардын ичинен жалпысынан 30 обьект буздурулуп, учурда баштапкы калыбына келтирилди.

          Эскерте кетчү жагдай: Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан ушул жылдын январь айында республикабыз боюнча 31 текшерүү жүрүп, 138 миң 575 сомдук доо коюлуп, 486 миң сом айып пул салынган.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17