Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
406 Бардыгы / Ош облусунда жаз келээри менен өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана базарларды биротоло иретке келтирүү боюнча тыкыр текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бул жөнүндө Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаев тапшырма бергендигин анын маалымат кызматынан кабарлашты. Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев райондордун акимдердин жана жарандык коргонуу кызматтарынын мүчөлөрүнүн катышуусунда атайын жыйын өткөрдү. Анын жыйынтыгында […]
407 Бардыгы / Ош облусунда жаз келээри менен өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана базарларды биротоло иретке келтирүү боюнча тыкыр текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бул жөнүндө Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаев тапшырма бергендигин анын маалымат кызматынан кабарлашты. Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев райондордун акимдердин жана жарандык коргонуу кызматтарынын мүчөлөрүнүн катышуусунда атайын жыйын өткөрдү. Анын жыйынтыгында […]
ОШ ЖЕРГЕСИНЕ ЖАЗ БАШ БАГААРЫ МЕНЕН ОБЛУСТУК БИЙЛИК 11 БАГЫТТА ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗӨТ
27.02.2024 / Автор anarkan_kg408 Бардыгы /
Ош облусунда жаз келээри менен өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана базарларды биротоло иретке келтирүү боюнча тыкыр текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бул жөнүндө Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Элчибек Жантаев тапшырма бергендигин анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев райондордун акимдердин жана жарандык коргонуу кызматтарынын мүчөлөрүнүн катышуусунда атайын жыйын өткөрдү. Анын жыйынтыгында жергиликтүү бийликтин башчылары чукул арада төмөнкү иштерди жүзөгө ашырууга милдеттендирилди:
– кар эригенде пайда боло турган кырдаалдарды алдын алуу жана арык, каналдарды бүтүндөй тазалоо;
– суу каптоо коркунучу бар аймактарга мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу чараларын көрүү;
– кар көчкү көп түшкөн аймактарда коркунучу бар жерлерди аныктоо жана алдын алуу, ошондой эле жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
– Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда көчкү жүрүүчү аймактарга такай мониторинг жүргүзүү жана керектүү техникалар менен камсыздоо;
– кооптуу деп эсептелген аймактарда жашаган тургундарды сөзсүз көчүрүү жана алардын арасында түшүндүрүү жараянын күчөтүү.
Ошентип, Ош облусунун аймагында соода базарларды иретке келтирүү боюнча жумушчу топ дагы түзүлдү. Алар базарларды иретке келтирүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууга, базарлардын архитектуралык нормаларга шайкештигин тыкыр текшерип, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюуга, санитардык, эпидемиологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөгө, өрт коопсуздугу эрежелеринин сакталышын текшерүүгө, базарларда электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү көзөмөлдөө жана электр чубалгыларынын техникалык коопсуздугун камсыздоого жана жүк ташуучу жана жеке менчик автотранспорт үчүн жабдылган унаа токтотуучу жайларды жөнгө салууга милдеттендирилди.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.