Аймак

ТУМАНДЫН КЕСЕПЕТИНЕН ОШ ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУНА УЧАКТАР КОНО АЛБАЙ ЖАТЫШАТ

ТУМАНДЫН КЕСЕПЕТИНЕН ОШ ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУНА УЧАКТАР КОНО АЛБАЙ ЖАТЫШАТ

 489 Бардыгы /

          Стамбул-Ош жана Москва-Ош каттамындагы эки учак теё бүгүнкү, 27-февралдын таңындагы коюу тумандан кесепетинен Ош эл аралык аэропортуна коно алышпбай, аргасындан Бишкек шаарындагы Манас Эл аралык аба майданына конушту. Бул туурасында Манас Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
          Маалыматка караганда, коюу туман Ош-Жуковский жана Ош – Санкт-Петербург каттамдарындагы учактардын Ош аба майданынан учуп чыгуусуна дагы өтө тоскоолдук кылып, рейстер катарынан кармалууда. Авиакаттамдар качан жанданаары али белгисиз. Ал эми Бишкектен чет өлкөгө каттамдар өз убагында эле аткарылып жатат.
          Айтмакчы, аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар дайыма катталып келатат.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17