Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
610 Бардыгы / Кыргызстанда жыл сайын кургак учук менен ооруган 5 миң адам каттоодо турат. Ал эми 2023-жыл ичинде Тогуз-Торо району боюнча 26 жаран кургак учук оорусу менен, өзгөчө жугуштуу формасы менен 8 жаран катталган. 25 жаштагы Мелис (ысымы өзгөртүлдү) Москвада иштеп жүрүп кургак учук илдетине чалдыккан мекендештердин бири. Ал мектепти бүтөөрү менен Орусияга иш издеп […]
611 Бардыгы / Кыргызстанда жыл сайын кургак учук менен ооруган 5 миң адам каттоодо турат. Ал эми 2023-жыл ичинде Тогуз-Торо району боюнча 26 жаран кургак учук оорусу менен, өзгөчө жугуштуу формасы менен 8 жаран катталган. 25 жаштагы Мелис (ысымы өзгөртүлдү) Москвада иштеп жүрүп кургак учук илдетине чалдыккан мекендештердин бири. Ал мектепти бүтөөрү менен Орусияга иш издеп […]
КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
27.02.2024 / Автор anarkan_kg612 Бардыгы /
Кыргызстанда жыл сайын кургак учук менен ооруган 5 миң адам каттоодо турат. Ал эми 2023-жыл ичинде Тогуз-Торо району боюнча 26 жаран кургак учук оорусу менен, өзгөчө жугуштуу формасы менен 8 жаран катталган.
25 жаштагы Мелис (ысымы өзгөртүлдү) Москвада иштеп жүрүп кургак учук илдетине чалдыккан мекендештердин бири. Ал мектепти бүтөөрү менен Орусияга иш издеп кетип, ал жакта ачка-ток, жумуштун табылганына сүйүнүп иштеп жүрө берип, 3 жылдан кийин кургак учук дартына кабылган. Учурда кайра Кыргызстанга келип 2 айдан бери ооруканада дарыланып жатат. Каарманыбыз дагы ооруп баштаганынан 3 жылдан кийин келиптир. Анын айтымында чет өлкөдө ооруп калгандардын көбү ооруганына карабастан бейтапканага кеч кайрылышат. Кээ бирөөлөрү болсо Кыргызстандан кийинчерээк дарыланып алабыз деп калып калат. Кээ бирөөсү акчасы болсо дагы, келгенге шарты болсо да, “Кой, жумушум болгондон кийин дагы иштеп акча таап алайын”- дейт. Негизи мындай караганда бизде эми жумуш жок да. Акча таап үй-бүлөнү бакканга кыйынчылык жаратат. Ал жака деле баргың келбейт, айла жоктон барышка туура келет. Шартын туура келсе жылына бул жака келип көрүнүп, дарыланып турса болот. Болбосо ал жактан деле акча төлөп, көрүнсө болот.
Мелис: “Мен жөтөлгөндө ысытмам көтөрүлдү, мен ангинадан же жөн эле жөтөлүп жатамынбы же муздак суу ичип алганмынбы деп ойлогонмун да. Анан кийин температура пайда болгондон кийин ооруканага барып көрүнсөм томографияга түшүрүп, туберкулез деген диагноз коюшту. Жумушта тамак ичип ичпей каласын, кээде ач каласын, ток каласын, суукта ар кимиси ар кандай шартта жашайт. Ачкалыктан да оорунун палочкалары көбөёт экен. Ал жак суук биздикиндей жылуу эмес. Менин түшүнүгүм боюнча ачка калганында да имунитет аз болгондуктан кургак учук оору пайда боло баштайт экен”.
Анара Атыканова, Тогуз-Торо райондук ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологу: “Көпчүлүгү бир бөлмөнүн ичинде 10го чейин жашашат. Ошол жерде нымдуулук бар, туура эмес тамактанышат. Дайым бирдей тамактанышат. Тамактанбай калган учурлар болот, ошонун себебинен бири-биринен өтүп кетип кургак учук менен ооруп келишет. Алар медициналык жардамга муктаж болгону менен өз убагында карашпайт. Азыркы учурда гриппке окшогон оору деп эле көрүнбөй жүрө беришет. Анан болбой калганда гана Кыргызстанга келип ушул жерде дарыланышат”.
Кургак учук микробактерияларын чакыруучу инфекциялык оору. 1882-жылы германиялык Роберт Кох тарабынан ооруган адамдын какырыгынан аныкталган. Учурда дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 8,9 млн. адам ооруйт. Анын 80%ы 15 жаштан 50 жашка чейинки адамдар. Жылына кургак учуктан 2 миллиондой адам кайтыш болуп турат күнүгө 4400, саатына 8 оорулуу, анын 720 миңдейи аялдар.
Кургак учук менен ооруган адам жерге какырып салгандан кийин дагы инфекция өлбөй 10 ай жашап, абага көтөрүлүп чыгып, башка адамдарга жугуп калышы мүмкүн. Дарыгерлердин айтуусунда кургак учуктун ачык түрү менен ооруп, дарыланбай жүргөн адам бир жылда 10-15 адамга ооруну жуктурушу мүмкүн. Өзгөчө өпкөнү 80%, сөөктү жана муундарды – 16% жабыркатат.
Кургак учуктун симптомдорун ооруну күчөтүп жибергендердин саны арбын дейт Анара Атыканова.
“Негизи бул оорунун симптому болуп 3 жумадан ашык жөтөл. Оорулуу арыктап кетет. Көкүрөгү ооруйт. Тердейт алсыздоо пайда болот. Түкүргөндө какырыгынан кан аралаш түкүрө баштайт. Ушул себептүү симптомдор болсо үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна кайрылышып рентгендик жана какырыкты тапшыруу жолдору менен аныктаса болот. Көйгөйдү азайтыш үчүн биринчиден чет жака иштегени кетээрде адам өзүнүн акыбалын текшерип кетиши зарыл. Кыргызстандан кетип жатканда ар бир адам баласы өзүнүн ден соолугу үчүн бул жактан текшерүүдөн өтүп анан кетиши зарыл. Ошондо гана ал жака барып жумушка жөндөмдүү болуп иштеп келиши мүмкүн. Эгерде ошол жерден оорулар табылып калса, кургак учуктан башка деле, анда дарыланып анан кетиши керек да. Эгерде ал оорулуу болсо, ал жерде дагы башка бирөөгө жуктурат. Ал жакта да жакшы иштей албайт да!”- деди А.Атыканова
Кургак учук менен ооруган жарандар арасында стинма дискриминацияга дуушар болгон жарандар да бар. Алардын бири 28 жаш курактагы келин, ал ооруган чалдыккан күндөн баштап жолдошу чогуу жашоодон баш тарткан. Аргасыз келин башка жактан батир таап, жалгыз жашоону чечкен. Ага Кызыл ай коому атайын акысыз дары-дармектерди жана азык- түлүк менен камсыздап, шаардык кургак учукка каршы департаменти медициналык жардам көрсөтүп келет.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча дүйнөдө адамзатынын үчтөн бири же 2 миллиардга жакын адамга кургак учук жугуп калуу коркунучу бар.
Ошондуктан илдеттин алдын алуу үчүн дарыгерлер чет жака чыгып жатканда атайын рентген аппаратынан текшерүүдөн өтүүсүн кеңеш берет.
Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун фтизиатр-дарыгери Керимбү Буйлашова райондук ооруканадарентгенге түшүүнүн акысы чоң кишилер үчүн 195сом, ал эми 6 жашка чейинкилерге акысыз экендигин билдирет.
“Рентген аппаратка түшүүнүн негизги максаты туберкулез барбы, жокпу? Билип алса жакшы, башкаларга жукпайт. Бир жылда бир жолу базарда иштеген, кызматтарда иштеген жарандар бир жылда бир жолу өтүүсү керек. Эгер туберкулез болуп калса, жанындагы башка адамдарга жуктурат. Келип түшсө үй-бүлөсүнө да жуктурбайт .
Кургак учукка каршы күрөшүүдө, кургак учуктун алдын-алуу үчүн мектептерде, бала-бакчаларда, райондун ичинде, базарларда атайын эл топтолгон жерлерде жана айылдарда түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө бир айлык акция уюштурулуп, баракчаларды таратып келебиз. Мындай профилактикалык чараларга карабастан орулуулардын саны былтыр өсүш берген. Дарыгерлер учурунда ооруну таап, дарыга туруктуу иче тургундарды ар бир оорулууга минтип дарыларды бөлүп салып коёбуз. Ошол оорулууга ооруканадан чыккан күндөн баштап 6 ай дарыланып, 2 жылга чейин такай ичип турушат, күндө келип ушул жерден дарыларды ичип кетет”,-дейт Керимбү Буйлашова.
24-мартты кургак учукка каршы күрөшүү күнү деп жарыяланган. Кыргызстанда адистер башка өлкөлөргө салыштырмалуу кургак учук менен ооругандар өзүнүн нормасынан ашык деп айтышат. Алсак, 100 миң кишиге айрым өлкөлөрдө 40-50дөн киши туура келсе, Кыргызстанда 100 миң кишиге 100 киши туура келүүдө.
Элиза АКЖОЛТОЕВА, журналист Тогуз-Торо району
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ӨЧПӨС ОТ” ЖАНДЫРЫЛДЫ
-
25.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 797 ОКУУЧУ 11-КЛАССТЫ АЯКТАДЫ
-
02.06.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУКТАР КАЗАНЬ ШААРЫНДА ӨТКӨН ЭЛ АРАЛЫК ТРЕНИНГГЕ КАТЫШЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.