Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
307 Бардыгы / № 7-Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул жылдын 28-апрелинде өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Шайлоону уюштуруу жана мыйзам чегинде өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылды. Ал эми Министрлер кабинети шайлоону өткөрүү үчүн каражат бөлөт. А буга дейре президент Садыр Жапаровдун шул жылдын […]
308 Бардыгы / № 7-Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул жылдын 28-апрелинде өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Шайлоону уюштуруу жана мыйзам чегинде өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылды. Ал эми Министрлер кабинети шайлоону өткөрүү үчүн каражат бөлөт. А буга дейре президент Садыр Жапаровдун шул жылдын […]
ОШ ШААРЫНЫН БИР МАНДАТТУУ ОКРУГУНАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТЫН ШАЙЛОО 28-АПРЕЛДЕ ӨТКӨРҮЛӨТ
18.03.2024 / Автор anarkan_kg

309 Бардыгы /
№ 7-Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул жылдын 28-апрелинде өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Шайлоону уюштуруу жана мыйзам чегинде өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылды. Ал эми Министрлер кабинети шайлоону өткөрүү үчүн каражат бөлөт.
А буга дейре президент Садыр Жапаровдун шул жылдын 4-мартындагы Жарлыгы менен №2-Баткен жана №9-Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дагы 28-апрелге белгиленген. БШК көп өтпөй бул округдардан шайлоого катышууну көздөгөн талапкерлер арыздарын бере башташкандыгын билдирген. Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 26-мартка чейин улантылып, аларды каттоо 8-апрелге чейин жүргүзүлөт. Ал эми үгүт жараяны 8-апрелде башталып. 27-апрелдин таңына дейре жүргүзүлөт.
Айтмакчы, Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жылдын 13-мартында №7-Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алганын жарыялаган. А буга дейре БШК үстүбүздөгү жылдын 22-февралында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди өздөрү жазышкан арыздарынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.
А 15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган. Бишкектин административдик соту 1-мартта Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат бул округда өткөн шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге берилди.
Ал эми ушул жылдын январь айында УКМК Райымбек Матраимовго атайын издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал туурасында а түгүл багыттама дагы берген. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» беренесинин «Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө» бөлүгү менен айып тагылган. 2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап кылмыш ишин козгоп, ал 2016-жылдын башында Кыргыз бажысында башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү дагы күнөөсүн моюндап, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. Бирок, ушул тапта анын кайда экендиги белгисиз…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
05.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШ ШААРЫНДА НУРМАТОВ КӨЧӨСҮНДӨГҮ ЖОЛ ЭМИ АЧЫЛАТ
-
05.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШТО ЭСЕП ПАЛАТАСЫНЫН БАШКЫ ТЕСКӨӨЧҮСҮ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ
-
-
-
16.02.2024 / Автор anarkan_kg ОШ – РАЗЗАКОВ АВТОУНАА ЖОЛУНУН ЖЭЭГИНДЕ 89 МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШ АНЫКТАЛДЫ
-
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.