Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ЖЕҢИЛ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРДЫ ЧОГУЛТУУЧУ ЗАВОД ИШ БАШТАЙТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ЖЕҢИЛ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРДЫ ЧОГУЛТУУЧУ ЗАВОД ИШ БАШТАЙТ

 285 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу электр мотоциклдерин, жеңил жүк ташуучу унааларды, насосторду жана клапандарды чогултуучу завод куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Кытайдагы “Shaanxi Qing Ju New Energy Tech Co, Ltd.” жана “Shaanxi Zhichao Industrial Development Investment Management Co., Ltd”компанияларынын жетекчилери катышты.

Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алдын ала наркы 4 млн АКШ долларын түзүп, тараптар жумуштарды ушул жылдын апрель айынын орто ченинде баштоону пландаштырууда.

Ыйгарым укуктуу өкүл бул аракет Жалал-Абад облусунун экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, өндүрүштү жолго коюну, жаңы жумуш орундарын түзүү менен инвесторлорду колдоо багытында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Бул демилге облус башчысынын буга чейин Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясына болгон жумуш сапарынын алкагында макулдашылган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17