Аймак

ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ АЙМАКТАР КОШУЛУП, АЙРЫМДАРЫНЫН АТАЛЫШЫ ДАГЫ ӨЗГӨРТҮЛДҮ

ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ АЙМАКТАР КОШУЛУП, АЙРЫМДАРЫНЫН АТАЛЫШЫ ДАГЫ ӨЗГӨРТҮЛДҮ

 498 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалааасына жаңы аймактар кошулуп, айрымдардын аталыштары дагы өзгөртүлдү. Бул туурасында аталган муниципалитеттен билдиришти.

          Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Ош шаарынын курамына Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөттөрү жана дагы ушул эле райондун Нариман, Папан, Шарк айыл өкмөттөрүнүн бир катар кыштактары дагы кошулду. Мындан тышкары эки муниципалдык башкармалыгынын аталыштары өзгөртүлүп, Оштун аймагында эми жалпысынан 9 муниципалдык, айылдык аймактык башкармалыктар бар:

          – Ош шаарынын мэриясынын №1 “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгы (мурдагы Туран) Төлөнов көч. 75, болжол Т.Сатылганов мектеби;

          – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы. Ленин көчөсү 294;

          – Ош шаарынын мэриясынын №3 “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы. Кулатов кичи району н.ж. болжол ГОМ-3;
          – Ош шаарынын мэриясы №4 “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгы. И.Раззаков проспектиси н.ж. б-л «Семетей» кинотеатры;

          – Ош шаарынын мэриясынын “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгы (мурдагы Амир-тимур) С.Айни көч. н.ж. болжол №47 орто мектеп;

          – Ош шаарынын мэриясынын “Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыгы” Ташкент көч. 60, болжол Карл Маркс мектеби;

          – Ош шаарынын мэриясынын “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы. Араван тракты 6 км, болжол Кеңеш айылынын борбору;          – Ош шаарынын мэриясынын “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыгы. Жаңы-Турмуш айылы, Мукумий к., 23;

          – Ош шаарынын мэриясынын “Төлөйкөн” айылдык аймактык башкармалыгы. Дыйкан-Кыштак айылы, А.Мамыров к., 77.

          Ал эми Ош облусунун бардык аймактарында дагы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык ушул тапта аймактарды ирилештирүү жана бөлүштүрүү жараяны абдан активдештирилди.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17