Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
175 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров “КР коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мамлекет башчы бул мыйзамга байланыштуу билдирүүсүн 2-апрелде жарыялады. Урматтуу кыргызстандыктар! Көпчүлүктү, өкмөттүк эмес уюмдарды жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрүн кызыктырган мыйзамга кол койдум. Буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрү мага кайрылышып, бул мыйзамга кол […]
176 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров “КР коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мамлекет башчы бул мыйзамга байланыштуу билдирүүсүн 2-апрелде жарыялады. Урматтуу кыргызстандыктар! Көпчүлүктү, өкмөттүк эмес уюмдарды жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрүн кызыктырган мыйзамга кол койдум. Буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрү мага кайрылышып, бул мыйзамга кол […]
КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМДАР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМГА КОЛ КОЮЛДУ. ПРЕЗИДЕНТТИН БИЛДИРҮҮСҮ
03.04.2024 / Автор anarkan_kg177 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаров “КР коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мамлекет башчы бул мыйзамга байланыштуу билдирүүсүн 2-апрелде жарыялады.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Көпчүлүктү, өкмөттүк эмес уюмдарды жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрүн кызыктырган мыйзамга кол койдум.
Буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрү мага кайрылышып,
бул мыйзамга кол коюудан баш тартуумду суранышкан.
Эмне үчүн?
Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен.
Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт.
Ал эми чет өлкөлүк донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы деген суроо туулат.
Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат.
“Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат” деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат.
Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат.
30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек?
Мамлекет башчысы катары кепилдик берем.
Эч кандай куугунтук болбойт.
Ядерлик өлкө эмеспиз. Азырынча космоско учалы деп жаткан жокпуз. Биздин мамлекетте силерден жана силердин донорлордон жашыра турган жашыруун сырларыбыз жок.
Бизде баардык маалыматтарды ачык булактардан эле тапса болот.
Колуңардан келсе миллиондорду эмес, миллиарддарды алгыла. Ал биздин өлкө үчүн пайда гана алып келет. Болгону мындан ары баарын ачык айкын көрсөтүп, эл катары эле иштегиле деп жатабыз.
Ошондо чет өлкөлүк донорлоруңар дагы канча акчасы кайсы долбоорлорго жумшалганын баарын ачык көрүп турушат.
Алданышпайт.
Болбосо буга чейин “Баланча тегерек стол уюштурдум, түкүнчө тренинг уюштурдум, баланча долбоорго баланча акча жумшадым” деп,
жеке кызыкчылыгыңарга жумшаган акчаңарды дагы ишке кошуп донорлорду алдап отчёт берип келгенсиңер.
Калп десеңер четиңерден таап берем.
Эмне үчүн ошол эле өнүккөн батыш өлкөлөрүндө өкмөттүк эмес уюмдар Юстиция министрлигине катталып, банктан эсеп ачып, салык кызматына каттоого туруп иштешет дагы, бизге келгенде эле болбойт?
Же эмне биз экинчи сорттогу мамлекетпизби?
Жок, андай эмес.
Мындан ары андай алешемдиктерге жол бербейбиз.
Автор anarkan_kg
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
21.05.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 10 МИҢ СЫЯ ТУРГАН МЕЧИТ КУРУЛАТ
-
-
21.05.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА АСКЕР-ДЕҢИЗ ФЛОТУНУН АРДАГЕРЛЕРИНИН ФИЛИАЛЫ ТҮЗҮЛДҮ
-
25.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 797 ОКУУЧУ 11-КЛАССТЫ АЯКТАДЫ
-
02.06.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУКТАР КАЗАНЬ ШААРЫНДА ӨТКӨН ЭЛ АРАЛЫК ТРЕНИНГГЕ КАТЫШЫШТЫ
-
Маек
Нурсултан ТАЖИБАЕВ: “КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИ ҮЛГҮ ТУТАМ!”
Кыргызстанда Аймактык-административдик реформа (ААР) жакын арада үзүрүн берээринде дегеле шек…
-
29.03.2024 / Автор anarkan_kg Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.