Аймак

ОБЛУС БАШЧЫСЫ СУЗАКТАГЫ СУГАТ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК ИШТЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

ОБЛУС БАШЧЫСЫ СУЗАКТАГЫ СУГАТ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК ИШТЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

 396 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Кызыл-Туу, Таш-Булак, Барпы жана Атабеков айыл аймактарына барып, жазгы талаа жумуштарына карата сугат иштери башталганга чейинки арык-каналдарды тазалоо жумуштары менен жеринен таанышты.

Облус башчысы райондук суу чарба башкармалыгы, айыл өкмөт жана Суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан аткарылган иш аракеттерди көрүп, айрым кемчиликтерди белгиледи.

Өкүл жергиликтүү жетекчилерге аймактагы жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учураптоо үчүн, тийиштүү камылгаларды азыртадан жеткиликтүү көрүүнү эскертти.

Сузак райондук суу чарба башкармасы тарабынан бул жылы 43,8 чакырым аралыктагы арык-каналдарды механикалык жол менен тазалоо каралса, бүгүнкү күнгө карата анын 37,6 чакырым аралыгы тазаланып, жумуш 86 пайызга аткарылган. Ал эми, айыл аймак жана Суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан 788 чакырым ички каналдарды тазалоо жумуштары аткарылууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17