Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
1,054 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университте (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) “Улуттук нарктуулук, иденттүүлүк жана адам баалуулуктары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, бул конференциянын өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ №303 “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” […]
1,055 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университте (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) “Улуттук нарктуулук, иденттүүлүк жана адам баалуулуктары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, бул конференциянын өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ №303 “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” […]
ЭАУда “УЛУТТУК НАРКТУУЛУК, ИДЕНТТҮҮЛҮК ЖАНА АДАМ БААЛУУЛУКТАРЫ” АТТУУ ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ
03.04.2024 / Автор anarkan_kg1,056 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университте (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) “Улуттук нарктуулук, иденттүүлүк жана адам баалуулуктары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, бул конференциянын өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ №303 “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жарлыгына ылайык иш-чаралар алкагында демилгеленген. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Казак улуттук искусство университетинин, Азербайжан мамлекеттик университетинин, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Заманбап эл аралык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, Талас мамлекеттик университетинин илимпоздору жана адистери катышышты. Конференциянын ардактуу катышуучуларынын, меймандарынын тизмесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т. Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.А. Ормоков жана Кыргызстан калкы ассамблеясынын Жалал-Абад областындагы төрагасы К.А. Тилекеев, о.э. бир катар уюм-мекемелердин жетекчилери болду.
Конференцияда “Тил жана адабият жаатында улуттук нарктуулук менен улуттук баалуулуктарды чагылдыруу”, “Жаштарга адеп-ахлактык тарбия берүүнүн этнопедагогикалык негиздери”, “Кыргызстан археологиясы, этнографиясы жана тарыхы учурдагы изилдөөлөрдө”, “Санариптештирүү алкагында улуттук экономиканы өнүктүрүү”, “Улуттук баалуулуктар жана адам укуктары”, “Учурдагы илим жана билим берүүнүн актуалдуу маселелери”, “Саламаттыкты сактоо тутумундагы улуттук артыкчылыктар” аттуу секциялар боюнча илимий отурумдар болуп, жалпысынан 250 катышуучу катталды. Конференцияда аталган темада, айтылган секцияларда көптөгөн көйгөйлүү маселелер каралып, бул багытта бир катар иш-аракеттер, аларды жүзөгө ашыруу жолдору сунушталды.
Жалпысынан конференция өзүнүн максатына жетип, каралган маселелер абдан мазмундуу, көп багыттуу болду. Конференциянын материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” аттуу илимий-популярдык журналында чыгарылмакчы.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.06.2026 / Автор anarkan_kg ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
-
22.06.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
-
21.07.2025 / Автор anarkan_kg БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН АТЫНАН КЕЛГЕН АЛДАМЧЫ БИЛДИРҮҮЛӨРДӨН САК БОЛУҢУЗ!
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.