Аймак

БЕЙКҮНӨӨ САБАЛГАН БАЛА ИИМде КАДР СИСТЕМАСЫН ӨЗГӨРТТҮ

БЕЙКҮНӨӨ САБАЛГАН БАЛА ИИМде КАДР СИСТЕМАСЫН ӨЗГӨРТТҮ

 369 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абадда облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана анын орун басары кызматтан алынды.

Буга “майда бейбаштык” кылган кишини кооптуу кылмышкердей кармаганы жана ага болушкан 17 жаштагы уулунун атайын кызматкерлер тарабынан сабалгандыгы себеп болгон. Ички иштер министрлиги бул окуя милициянын абройуна доо кетиргендигин маалымдаган. Аны менен катар министрлик аймактардагы жетекчилерди алмаштырды.

Дал ушул окуядан кийин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын башчысы Жеңиш Абидов менен орун басары Ильяз Касымбаев кызматтан алынды. Мындан тышкары 13 жетекчи тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу ички иштер министрлигин кабарланды.

Мында жетекчилер коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын бузуп, кол алдындагы кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту жана тартипти жетиштүү көзөмөлдөбөй койгондугу жазылган: “Бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракеттерди жүргүзбөй, шектүү же айыпкер катары аныктала элек адамдарды коомдук жайда эскертүүсүз кармап кеткен видеосу интернетке тарап, коомдо талкуу жаратып, милициянын аброюна шек келтирген”.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17