Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
403 Бардыгы / (УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Илязбек Балташевдин маегин өзгөртүүсүз сунуштайбыз) Өлкөбүздө жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөш багытында кимдер гана акыл үйрөтүп жаткан жок. Чекеден эле баары эксперт болуп чыга келишип, «кустуруп аткан акчанын жарымы мамлекетке, жарымы сол чөнтөккө кетип жатат»- деп акылдуу көрүнгөндөр андан көп. Биз бул суроолорду бийлик башчыларына бергибиз келип турганда, […]
404 Бардыгы / (УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Илязбек Балташевдин маегин өзгөртүүсүз сунуштайбыз) Өлкөбүздө жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөш багытында кимдер гана акыл үйрөтүп жаткан жок. Чекеден эле баары эксперт болуп чыга келишип, «кустуруп аткан акчанын жарымы мамлекетке, жарымы сол чөнтөккө кетип жатат»- деп акылдуу көрүнгөндөр андан көп. Биз бул суроолорду бийлик башчыларына бергибиз келип турганда, […]
Камчыбек ТАШИЕВ: «МАМЛЕКЕТТИН БИР СОМУН ДАГЫ ЖЕДИРБЕЙМ!»
03.04.2024 / Автор anarkan_kg

405 Бардыгы /
(УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Илязбек Балташевдин маегин өзгөртүүсүз сунуштайбыз)
Өлкөбүздө жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөш багытында кимдер гана акыл үйрөтүп жаткан жок. Чекеден эле баары эксперт болуп чыга келишип, «кустуруп аткан акчанын жарымы мамлекетке, жарымы сол чөнтөккө кетип жатат»- деп акылдуу көрүнгөндөр андан көп. Биз бул суроолорду бийлик башчыларына бергибиз келип турганда, капысынан Бишкектен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жолугуп калдык. Аз болсо да, саз маек болду.
– Камчыбек Кыдыршаевич, саламатсызбы? Акыркы үч жылда сиз жетектеген Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) коррупцияга каршы күрөштөн мамлекеттик казынага 20 миллиард сомдон ашык сумманы түшүргөндүгүңүздөр айтылды. Бул акчалар кайда? Сиздердин мекемеде калдыбы же республиканын бюджетине кеттиби?
– Саламатчылык, сиз бул суроого өзүңүз эле жооп берип жатпайсызбы? Коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлүп жаткан каражаттардын бир тыйыны да биздин мекемеде калбайт. Биздин андан бир тыйын да алып калганга укугубуз жок. Баары банктагы эсепке түшүп, түздөн түз республикалык казынага которулуп турат.
Жалпы ушул күндө казынага түшкөн каражаттар жөнүндө тактоо киргизип коёюн. 20 миллиард сом дегениңиз бер жагы, бир аз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт.
– Кечээ жакында “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” деген көрсөтүүсүндө генерал Өмүрбек Суваналиев эл ичинде айтылып жүргөндөй – “кустуризацияны” туура эмес сыпаттап, “мыйзамдуу жол менен кетиш керек болчу, коррупцияны күч менен жоё албайбыз”- деди. Мындан сырткары ал “кустуризациядан түшкөн акчалардын дайыны жок”- деген сөзүн айтты?
– Биринчиден, мен “Азаттык” радиосун укпайм. Кимдер андан чыгып алып, эмнелерди сүйлөп жатканын карап олтурганга менин убактым да жок. Суваналиевдин сүйлөгөнүн дагы сизден угуп атам.
Экинчиден, эл сүйлөсө дагы ушул Суваналиев сүйлөбөй эле койсунчу. Анын деңгээлин, эмне үчүн аны өз убагында “жыгач генерал”, “к..тани” деп атап алышканын 2021-жылы орун алган Баткен окуясы көрсөттү. Мына ошол өзүнө тагылган эпитеттерге толук татыктуу экени көрүндү. Дал ошол себептен кызматтан алынды. Менден эмес, Баткен элинен барып сурасаңыз толугураак жооп аласыз.
Суваналиев өзүн генерал катары сыпаттаганды жакшы көрөт. Генералдык чинди жарым жылдай убакыт гана кызматта турган убагында көтөрүп жүрдү, бирок ошол убакыт ичинде деле элдин оозуна алына турган көп иштерди жасап койсо болот эле. Айтыңызчы, колго аларлык эмне иш кылды, оозун куу чөп менен аарчыгандан башка? Жеке мен кызматта иштеп турган убагымда генералдык наамды 6 жылдан ашуун убакыт көтөрүп жүрсөм, бул наамды алганыма жалпысынан 15 жылдай убакыт өтүптүр. Ким кандай иш жасады, эл тараза.
Биздин жасап жаткан иштерибиз элге бүт ачык көрүнүп турат. Эгемендикке ээ болгондон бери элдин талап-тоноп келе жаткан уурулардан өндүрүлүп жаткан каражаттар биринчи кезекте калктын социалдык турмушун жакшыртууга жумшалып жатат. Ар бир региондо үйгө муктаж жарандар үчүн ипотекалык үйлөрдүн курулушу, жаңы салынып жаткан мектептер, бала бакчалар, жолдор ушул ишибиздин жыйынтыгы. Бир эле аскердик тармакты ала турган болсок, акыркы 2 жылда армиябызды күчтөндүрүүгө 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшалды.
Баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Кыскасы, “иттер үрө берет, кербен жүрө берет”. Биз мамлекет үчүн ишти кыла беребиз. Баарын тарых өзү таразалап алат. Жакында биз коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча түштү, кайсы күнү түштү, кимден түштү – жарыя кылабыз. Мына ошол тизмеден ар ким өзүнүн мамлекетке канча акча бергенин анык көрө алат. Бул биздин «жарымын сол чөнтөккө уруп, жыргап атышат»- дегендерге берген жообубуз болот. Жеке мен турганда мамлекеттин бир да тыйынын сол чөнтөккө урдурбайм, бир сомун дагы жедирбейм. Буга мен жүз пайыз кепилдик берем!
Анткени, дагы кайталайм, мамлекетти сүлүк курттай соруп келген уурулардан коомду тазалоо өтө кыйын болуп жатат. Азыр дагы тазалап бүтө албай жатабыз, алар абдан уюмдашып кеткен. Мунун баары эл үчүн! Бир тыйыны калбай мамлекеттин, элдин пайдасы үчүн жумшалат. Күтүп тургула.
-Маегиңиз үчүн сизге рахмат.
Маектешкен: Илязбек Балташев
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
06.06.2024 / Автор anarkan_kg “АУТИЗМ ДЕГЕН ЭМНЕ? БАЛДАРЫБЫЗГА КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАБЫЗ”
-
13.06.2024 / Автор anarkan_kg НООКЕНДЕ ЖӨӨ АДАМДАР ӨТҮҮЧҮ КӨПҮРӨНҮН КУРУЛУШУ АЯКТАДЫ
-
26.06.2024 / Автор anarkan_kg БОРБОРДУК СТАДИОН ТОЛУК РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.