Аймак

ЛАБОРАТОРИЯ АКЫСЫ 50 ПАЙЫЗГА АРЗАНДАТЫЛДЫ

ЛАБОРАТОРИЯ АКЫСЫ 50 ПАЙЫЗГА АРЗАНДАТЫЛДЫ

 375 Бардыгы /

Соңку сааттарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы, Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Бонецкий лабораториясынын Ош шаарындагы өндүрүш филиалынын ишмердүүлүгү менен жеринде кенен-чонон таанышты.

-Бонецкийдин бул лабораториясы менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги калкыбызга жетиштүү жана дагы сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүсүнө гана заманбап өбөлгө жаратып олтурат, – деди Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров. – Ошентип, биргелешкен Меморандумга ылайык, мамлекеттик медициналык мекемелердин атайын жолдомосу бар бардык бейтаптар бул лабораторияга 50 пайызга чейин төмөндөтүлгөн баа менен көп кырдуу анализдерди тапшыра алышмакчы.

Айтмакчы, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Өкмөтү мекендештеринин толук кандуу саламатчылыгы үчүн мындан ары дагы такай кам көрүүгө дапдаяр экендигине бекем ишендирди.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17