Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ПРЕЗИДЕНТТИН КАТЫШУУСУНДА IT-БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ПРЕЗИДЕНТТИН КАТЫШУУСУНДА  IT-БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

 264 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 12-апрелде Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарындагы IT-борборун ачты.

Иш-чарага МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жетекчилер, IT борбордо билим алып жаткан жаштар катышты.

Борбор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн жана өлкөнүн IT-тармагын өнүктүрүүдө, аны жаңы деңгээлге көтөрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

2023-жылдын май айында башталган үч кабаттуу инновациялык IT-борборунун курулушу учурда 100% аяктаган. Долбоордун жалпы баасы 65 млн. 363 миң сомду түзүп, 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен курулган.

Мамлекет Жалал-Абад шаарынын мэриясынын атынан жер берип, имаратты курган. IT-борбор өз кезегинде кадрларды жана окутууну камсыздаган. Борбор балдарга да, чоңдорго да программалоону үйрөтөт. Жыл сайын IT-мектепте 10 орун шаардык мэриянын комиссиясы тарабынан тандалып алынган 7 жаштан жогоркуларга бекер берилет.

IT-борборду ачып жатып, Мамлекет башчысы IT-тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Ал Кыргызстанда маалыматтык технологиялар тармагында аймактагы лидер болуу үчүн бардык зарыл ресурстар бар экенин баса белгиледи. IT секторун өнүктүрүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бул максатка жетүү үчүн эффективдүү инструмент катары каралууда.

Ошол эле учурда Садыр Жапаров борбордо эле эмес, өлкөнүн бардык аймактарында IT-тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолуп, аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында IT-тармагын өнүктүрүүнү каалаган жаштарга жана инвесторлорго ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды.

Андан кийин Президент Садыр Жапаров жаңы IT-мектептин аймагына бак-дарактардын көчөттөрүн отургузууга катышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17