Аймак

ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ

ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ

 345 Бардыгы /

Орусиядан Кыргызстанга дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилди. Бул туурасында Орусиянын  Кыргызстандагы Элчилигинен маалымдашты. Аталган азык-түлүктөрдү социалдык долбоорлорго катышкан жарандар гана алышат.

Ошентип, Ош шаарына 337,5 тонна байытылган ун жана дагы 60,7 тонна өсүмдүк майы алып келинди. Жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк Программасы аркылуу берилди. Бул салым коомдук инфратүзүмдү алыбына келтирүүгө, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө жана дагы Кыргызстандагы мектептерди ысык тамак менен камсыздоого жардам бере турган долбоорлор аркылуу аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө гана таратылат.

Кандай долбоорлор жөнүндө сөз болуп жатат:

ирригациялык тармактарды жана ичилүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүү;

тобокелдиктерди азайтуу үчүн бак-дарактарды олтургузуу жана дарыя жээктерин бекемдөө;

айылда көпүрөлөрдү жана дренаждык системаларды катарынан  куруу;

жашоо-тиричиликти өнүктүрүү жана айыл чарба тажрыйбалары үчүн мүмкүнчүлүктү жогорулатуу боюнча тренингдер.

Орусия — Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк Программасынын эң ири донору. Акыркы он жыл аралыгында Орусия Өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк Программасы аркылуу кыргызстандыктарга ар кандай деңгээлде үзгүлтүксүз гана колдоо көрсөтүп келатат.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17