Аймак

ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНА 38 ЖЫЛ

ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНА 38 ЖЫЛ

 291 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 26-апрель күнү, Жалал-Абад шаарында Чернобыль апааты эскерилди.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, иш-чарага Президенттин Жалал- Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, апааттын кесепетин жоюуга катышкандар, каза болгондордун жакындары жана мекеме-ишканалардын жамааттары катышты. Иш-чарада эстеликке гүлчамбар коюлуп, көзү өткөн катышуучуларга атап куран окулду.

Эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөгөндөр ден соолугуна залакасын тийгизген оор учурду баштан өткөргөн ардаргерлердин эмгеги эч качан унутулбай турганын айтышып, мындай апаат кайталанбасын деген тилектерин билдиришти.

Белгилей кетсек, 1986-жылы Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга Жалал-Абад шаарынан 120 адам жөнөп кеткен. Алардын баары мекенине кайтып келип, кийинчерээк көпчүлүгү башка аймактарга көчүп кетишкен. Учурда калаада 20 катышуучу бар. Аларга ай сайын жергиликтүү бюджеттен 1000 сомдон берилип, республикалык деңгээлде да колдоолор көрсөтүлөт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17