Аймак

АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ

АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ

 492 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Аксы районунун Кербен шаарында 50 орундуу “Нур Ай” тигүү цехи ишке киришти. Бул тууралуу Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан маалымдалды.

Маалыматка ылайык, долбоор жеке ишкер тарабынан демилгеленип, Кербен шаардык мериясы менен биргеликте Аксы райондук өнүктүрүү фондуна кайрылган, долбоор жактырылып райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 2 365 000 сом (эки миллион үч жүз алтымыш беш мин сом) каражат бөлүнүп берилген.

Бүгүнкү болуп өткөн “Нур Ай” тигүү цехинин ачылыш аземине район акими З.Сыдыков, Кербен шаарынын вице мэри Э.Артыкбаев, райондук жетекчилер, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Бүгүнкү күндө “Нур Ай” тигүү цехи ишке киришип 50 жумуш орун түзүлдү, ишкана заманбап жабдуулар менен жабдылган. Келечекте аталган цех жумуш орундарын көбөйтүп, тигүү фабрикасына айланууну каалайт.

Учурда тигүү цехинде чоң көлөмдө мектеп формаларын, окуучулар жана мугалимдер үчүн атайын буйрутманын негизинде сапаттуу жана ыңгайлуу баада даярдалууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17