Өлкө аймактары менен кубаттуу
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ
ОШТОГУ «ИСЛАМБЕК» КАФЕСИ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
427 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 6-майында Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине дагы катышты. Айтмакчы. Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы мектептин эски имараты 2015-жылдагы жер титирөөдө катуу жапа чегип, а түгүл Өзгөчө кырдаардар министирлиги тарабынан пайдаланууга таптакыр жараксыз деп табылган. Ал эми […]
428 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 6-майында Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине дагы катышты. Айтмакчы. Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы мектептин эски имараты 2015-жылдагы жер титирөөдө катуу жапа чегип, а түгүл Өзгөчө кырдаардар министирлиги тарабынан пайдаланууга таптакыр жараксыз деп табылган. Ал эми […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: «ӨЛКӨБҮЗДҮ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ИЙГИЛИКТҮҮ КАТЫШУУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ БОЛГОН ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ ЖАНА ЖӨНДӨМГӨ ЭЭ БИЛИМДҮҮ АДИСТЕРДИ ДАЯРДАМАЙЫНЧА, КҮЧТҮҮ МАМЛЕКЕТТИ КУРУУ МҮМКҮН ЭМЕС!»
06.05.2024 / Автор anarkan_kg429 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 6-майында Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине дагы катышты.
Айтмакчы. Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы мектептин эски имараты 2015-жылдагы жер титирөөдө катуу жапа чегип, а түгүл Өзгөчө кырдаардар министирлиги тарабынан пайдаланууга таптакыр жараксыз деп табылган. Ал эми окуучулары И.В.Панфилов атындагы мектеп-гимназиясына аргасыздан көчүрүлгөн эле. Жаңы имараттын курулушу ошол жылдары эле башталганы менен, долбоор 2020-жылга чейин эмнегедир токтолуп калган. Бүгүн 720 окуучуга ылайыкташкан жаңы имарат өз окуучуларын жана мугалимдерин кучак жая тосуп алууга даяр турду.
Исхак Раззаков атындагы мектем менен катар Мамлекет башчысынын катышуусунда жалпы өлкөбүз боюнча курулушу аяктаган 9 мектептин, ошондой эле 2 бала бакчанын онлайн ачылышы дагы өткөрүлдү. Анда президент Садыр Жапаров өз сөзүндө жаш муундардын татыктуу билим алуусуна салым кошо турган жагымдуу жагдайлар абдан сүйүндүрөөрүн жашырган жок. Мамлекет башчысы бүгүн ошондой жакшы саамалыктардын бирине – белгилүү саясий жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун атын алып жүргөн мектептин жаңы имаратынын ачылышына күбө болуп жатканын өтө сыймыктануу менен баса белгиледи. Садыр Жапаров ошондой эле республикабыздын аймагында ачылып жаткан мектептердин жагдайы дээрлик окшош экендигин: же эскилиги жеткен, же жаратылыш кырсыгынан жабыркагандыгын баса белгиледи. Көп жылдардан бери билим берүү имараттарынын эскилиги башкы көйгөй болуп келген.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров акыркы жылдары балдардын билим сапатын заманбап жакшыртуу максатында билим уяларынын көйгөйүн чечүүгө батыл киришип, мектеп имараттарынын курулушу масштабдуу түрдө колго алынганын эске салды. Президент акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп жана 69 бала бакча салынганын айтып, жылдан жылга билим берүү тармагына каралган каражаттардын динамикасы өсүп жатканын кошумчалай кетти.
Садыр Жапаров мектептерди куруп, капиталдык ремонттон өткөрүп, окутуунун жаңы технологиялары менен билим берүү уюмдарын жабдуу – негизги максаттардын бири деп атады. Бул үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда. Татыктуу билим берүү үчүн сапаттуу мектептерди куруу – учур талабы болгондуктан, мындан ары дагы жаңы мектептер курула бермекчи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө ар бир курулган мектеп— өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошулган салым болуп эсептелет деп, билим сапатын көтөрүүдө окуу китептеринин мааниси чоң экендигин белгиледи. Ошондуктан өткөн жылы 152 млн сомго 574 миң нуска китеп басылып чыкты.
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, жүргүзүлгөн талдоолорго ылайык, балдардын сапаттуу билим алып чыгуусунда мектеп, китеп жана башка көйгөйлөрдөн тышкары, билим берүүнүн ыкмаларын өзгөртүү дагы башкы маселе экени аныкталды. «Бизде окутуу программалары маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, жасалма интеллект өнүгүп жаткан шартта заман талабына канчалык жооп берет?! – деп Мамлекет башчысы собол таштады. Ушуга байланыштуу тармактык министрликтин алдына катуу тапшырма коюлуп, бул багытта тыкыр иш алып баруу зарылдыгы дагы баса айтылды.
Президент баса белгилегендей, мектептерде билим берүүгө байланыштуу иш-чаралардын көпчүлүгүндө ал ата-энелерге дайыма кайрылып, мугалимдер жамааты менен тыгыз кызматташып, балдардын билим алуу жараянына жигердүү катышууга чакырат. Сөз арасында мамлекет башчысы өткөн жылы “Акылман” президенттик лицейи түзүлгөнүн эске салды. Анын башкы максаты – жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү келечекте республикада жооптуу кызматтарды ээлеши керек. Алар катардагы кызматкерден министрликтин жетекчисине чейин жолду басып өтүп, балким, өлкөнүн президентинин ордун ээлешет. Лицейге академиялык жетишкендиктери жогору болгон таланттуу окуучулар гана иргелип алынат.
Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров өлкөбүздү өнүктүрүүгө ийгиликтүү катышуу үчүн зарыл болгон заманбап билимге жана жөндөмгө ээ билимдүү адистерди даярдамайынча. күчтүү мамлекетти куруу мүмкүн эместигин баса белгиледи.
Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫЛАНГАН “КУРМАНБЕК” СТАДИОНУ АЧЫЛДЫ
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg ЧЕК АРАНЫ МЫЙЗАМСЫЗ БУЗУП ӨТКӨН КОӉШУ ӨЛКӨНҮН ЖАРАНЫ КАРМАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.