Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 10 МИҢ СЫЯ ТУРГАН МЕЧИТ КУРУЛАТ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 10 МИҢ СЫЯ ТУРГАН МЕЧИТ КУРУЛАТ

 402 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында эски борбордук мечиттин ордуна жаңы заманбап мечиттин курулуш иштери башталат.

Жалал-Абад шаарынын СМУ кичи шаарчасындагы «Имам Аль- Бухари» атындагы мечитте акыркы жума намазы окулуп, курулуш иштери тууралуу жарыяланып, эски мечитти бузуу иштери башталары айтылды. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мечиттин курулушун жеке өзү көзөмөлдөй тургандыгын билдирди.

«Мечиттин курулуш иштерин өзүм көзөмөлдөп турам. Урматтуу Президентибизден уруксат алдык. Садыр Нуркожоевич да курулуш иштерине колдоо көрсөтөөрүн айтты», – деди өз сөзүндө Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы жаңы мечит 10 миң адамга ылайыкташтырылып, эки жылдын аралыгында курулуп бүтөөрү убадаланды.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17