Аймак

МАКСАТ АСАНАЛИЕВ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКЫ ПРОКУРОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

МАКСАТ АСАНАЛИЕВ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКЫ ПРОКУРОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

 342 Бардыгы /

БИШКЕК. Кечээ, 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Максат Асаналиев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалды.

КРдин Башкы прокурорунун маалымат кызматы билдиргендей, жаңы Башкы прокурорду көзөмөлдөөчү органдын эмгек жамаатына Кыргыз Республикасынын Министрлер КабинетининТөрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаров тааныштырды.

А.У. Жапаров Президентибиздин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын Максат Асаналиевдин укук коргоо органдарында басып өткөн эмгек жолун, кесипкөйлүгүн, анын ичинде прокуратура системасындагы көп жылдык тажрыйбасын жана ишиндеги жетишкендиктерин эске алып, аны дайындоо менен республиканын башкы көзөмөл ведомствосунун мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы иши мындан ары да күчөтүлөт деген ишенимдерин билдирди.

Өз кезегинде, Максат Асаналиев ага ишеним көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешине жана Президенттин Администрациясынын башчысына ыраазычылыгын айтып, мыйзамдын үстөмдүгүн, инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын камсыз кылуу милдеттерин аткарууга бардык аракетин жумшаарын билдирди.

Белгей кетсек, Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйынында башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды. Жыйынга катышкан 69 депутаттын баары ага “макул” деп добуш берди. Анын талапкерлигин Президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Асаналиев депутаттарга ыраазычылык билдирип, парламент менен чогуу иш алып бара турганын белгиледи.”Эң негизги баалуулук болгон адам укуктары жана эркиндиктерин коргоо боюнча ишти алдыга жылдырабыз”, – деди Асаналиев.

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору болуп иштеген.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы отумурунда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын колдоду. Ал башкы прокурор кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.

54 жаштагы Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17