Аймак

БАТКЕНДЕ МЕДАКАДЕМИЯНЫН ЗАМАНБАП ОКУУ-ДАРЫЛОО КОМПЛЕКСИНИН КУРУЛУШУ ДЭЭРЛИК АЯКТАДЫ

БАТКЕНДЕ МЕДАКАДЕМИЯНЫН ЗАМАНБАП ОКУУ-ДАРЫЛОО КОМПЛЕКСИНИН КУРУЛУШУ ДЭЭРЛИК АЯКТАДЫ

 354 Бардыгы /

Баткен облусмунун борбору Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык Академиясынын заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу дээрлик аяктады.

Дал ушул тапта обьектидеги курулуш иштери 95 пайызга дээрлик бүткөрүлдү. Жаңы окуу жылына карата комплекс толук бойдон пайдаланууга тапшырылат. Айтмакчы, аталган комплекс көп тармактуу дарылоо-диагностикалык оорукана катары курулуп, заманбап жабдуулар, рентген кабинети, УЗИ, МРТ, ЭКГ менен жабдылган. Мындан тышкары Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык Академиясынын заманбап окуу-дарылоо комплексинин аймагында 200 орундуу конференц-зал, студенттер үчүн 200 орундуу жатакана жана 500 орундуу күндүзгү оорукана дагы курулган.

Эскерте кетчүү жагдай: Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык Академиясынын заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушуна кеткен чыгым болжол менен 603,5 млн сомду чапчыйт. Аталган жогорку окуу жайдын курулушуна 2022-жылы июнда президент Садыр Жапаров өзү капсула салган.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17