Аймак

ОШ ЖЕРГЕСИ СПОРТ МЕКТЕПТЕРИНЕ ЖАНА МАШЫКТЫРУУЧУЛАРЫНА ӨЛӨ МУКТАЖ!

ОШ ЖЕРГЕСИ СПОРТ МЕКТЕПТЕРИНЕ ЖАНА МАШЫКТЫРУУЧУЛАРЫНА ӨЛӨ МУКТАЖ!

 336 Бардыгы /

Кыргыз Рспубликасындагы эң чоң Ош облусунда 220 гана машыктыруучу бар. Албетте, бул көрсөткүч улам өзгөрүп турушу дагы толук ыктымал. Бирок, дээрлик азайбайт! Эң эле өкүнүчтүүсү: спорт мектептеринде дасыккан дана кесипкөй адистер дээрлик жетишсиз.

– Ош облусунун ар бир районундабирден гана спорт мектеби бар, – деп кашкайган чындыкты шардана кылды Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Айбек КАМАЛОВ.  –  Маселен, өлкөбүздөгү эң чоң Кара-Суу районунда жападан жалгыз спорт мектеби бар. Анда 38 машыктыруучу эмгектенет. Жарым миллион калкы бар Кара-Суу району үчүн. албетте, бюул абдан эле аз! Дегенис машыктыруучулар саны көбөйгөндө гана спорттун түрлөрү  менен туптуура алектенишкендер, мындайча айтканда, өз кесибин сүйгөндөр деле бара-бара көбөйөт. А бул тармактын ар-намысын жана даражасын ого бетер көтөрөт.

Чындыгында. Кыргызстанды Дүйнөгө спорт гана такай пропагандалайт жана аброюн дагы бийик көтөрөт. Демек, мамлекетибиздин жетекчилери жана жергиликтүү аткаминерлерибиз бул туурасында Олимпиада убагында гана эмес, ага дейре эле сөзсүз кам көрүүсү кажет!

        Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17