Аймак

ӨКМ: НООКЕНДЕ СЕЛДИН КЕСЕПЕТИНЕН БИР ӨСПҮРҮМ КАЗА ТААП, 300 ЖАШООЧУ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

ӨКМ: НООКЕНДЕ СЕЛДИН КЕСЕПЕТИНЕН БИР ӨСПҮРҮМ КАЗА ТААП, 300 ЖАШООЧУ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

 234 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ноокен районунун бир катар айылында орун алган сел каптоодон бир өспүрүм каза болуп, эки айылдагы кооптуу болгон 300 тургун эвакуацияланды. Маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя мындан бир күн мурун кечки саат 17:30 дар чамасында болгон. Анда нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, аталган райондун Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарын каптаган.

Жерине жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу максатында  жалпы, 134 кызматкер жана 13 инженердик техника тартылган.

Натыйжада саат 19:10дор чамасында Эски-Кочкор-Ата айылынын  кичинекей тургунунун сөөгү жергиликтүүлөр тарабынан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген.

Мындан сырткары аталган сел суулары Бишкек – Ош унаа жолунун 518-чакырымын каптап, 1 чакырым аралыкка чейин аккан.

Жеринде жолду тазалоо иштери жүрүп, саат 21:10до аталган унаа жол бир тараптуу ачылган.

ӨКМ окуя боюнча кошумча маалымат бериле турганын маалымдады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17