Аймак

КЫРГЫЗСТАН СЕЙСМОЛОГИЯЛЫК ОПУРТАЛ АЙМАКТА ЖАЙЛАНЫШКАН. АНДЫКТАН, ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАР ӨЛКӨДӨ АЗАЙБАЙТ, ТЕСКЕРИСИНЧЕ КАЙРАДАН КӨБӨЙӨТ

КЫРГЫЗСТАН СЕЙСМОЛОГИЯЛЫК ОПУРТАЛ АЙМАКТА ЖАЙЛАНЫШКАН. АНДЫКТАН, ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАР ӨЛКӨДӨ АЗАЙБАЙТ, ТЕСКЕРИСИНЧЕ КАЙРАДАН  КӨБӨЙӨТ

 285 Бардыгы /

Соңку таптагы глобалдык жылуулануу жараянынынн (Күндүн ашкере ысышынын) Адамзат жашоосуна тийгизген кесепетинин эң эле башкысы – Жеш шаарында табигый катаклизмдердин (кырсыктардын) улам активдешип гана бараткандыгы. Эң кейиштүүсү: Дүйнөлүк метеорологдор айрыкча алдыбыздагы төрт жыл жаратылыш апаатына абдан ынак болоорун улам-улам эскертип жатышат…

        Эксперттердин эсебинде Дүйнө жүзү боюнча табигый кырсыктар жыл өткөн сайын уламдан улам көбөйүп гана баратат. Бирок, эч качан азайган жок! Ошентип, бул ааламаттын капшабы болочокто азыркыдан дагы кооптуураак экендигин баса белгелип дагы жатышат. Сейсмологиялык жана көчкү коркунучу көп  Аймак сыңары мындай эскертүүлөр эң ириде күнөстүү Кыргызстанга түздөн-түз тиешелүү экендиги түшүнүктүү.

        Буга улай  БУУнун дүйнөлүк метеорологиялык уюмунун изилдөө-байкоолорунун жыйынтыгына баам салсак, үстүбүздөгү  жылдан тартып метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң ысык деп катталуучу катардагы беш жылдык эми гана араң башталды. Муну азыртан эле сезип баштабадыкпы. “Күнөстүү” бул беш жылдык, кашайгыр, бара-бара активдешкен табигый катаклизмдер менен коштолоору, албетте, мыйзам ченемдүү көрүнүш.

-Азырынча биздин өлкөбүздө Түркиядагыдай кейиштүү жана олуттуу зилзала катталышы дегеле мүмкүн эмес! Себеби, Түркия географиялык жайгашуусу жагынан эки плитанын дал үстүндө турат. Экөө тең – кыймылдагы плиталар. Алар бири-бирине жакындагын сайын тектоникалык чыңалуу бошоп, Жер күчтүү силкинет. Ал эми Кыргызстандын Түндүк тарабында кыймылсыз Казакстан плитасы жатат. Бирок, Түштүгүндөгү Индия плитасы Түндүктү карай акырындык менен сойлоп жылып келатат. Демек, активдүүлүк жок эмес! – деп коңгуроо какты физика-математика илимдеринин доктору, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын сейсмология институтунун илимий жетектөөчү кызматкери Алымбай ТОКТОСОПИЕВ.

Анткени менен акыркы жүз жылда Адам баласынын техногендик таасири аркасында литосфера ырайымсыз бузулуп, ар тараптуу өзгөрүүгө дуушарланды. ОшТУнун пайдалуу кендердин геологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Мусабек ДУВАНКУЛОВ атомдук бомбалар, пайдалуу кен-байлыктарды үстөккө-босток казуулар жана башка дагы опурталдуу аракеттер Жер кыртышын ыкчам өзгөртүп жаткандыгын ырастады.

-Жер титирөөнүн алдын алууга илимдин дагы, техниканын дагы азырынча мүмкүнчүлүгү жок! – деп кашкайган чындыкты моюндады   ОшТУнун пайдалуу кеендердин геологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Мусабек ДУВАНКУЛОВ. – Бирок, алдыдагы төрт-беш жылга карата болжолдуу маалыматтарды  айтууга болот. Анткени, сейсмикалык акыбалды изилдеп турган заманбап жабдыктарыбыз бизде деле бар. Ошол себептүү Кыргыз Улуттук Илимдер Академитясынын сейсмология институтунда ушул өңүттөгү изилдөө иштери тынбай жүргүзүлөт. Мындан тышкары өлкөбүздүн ар бир районунда сейсмографтар орнотулган. Бул жабдыктар саат сайын, же сутка сайын канча ирет жана канча балл жер титирөө катталып жаткандыгын, а түгүл анын активдешүүсүн дагы тынымсыз аңдап турат.

        Бул өңүттө Кыргыз Өкмөтү деле соңку тапта жамбаштап жаткан жери жок. Табигый кырсыктардын кесепеттерин минималдаштыруу (азайтуу) жаатында аракетин абдан активдештирди.

-Табигый кырсыктарды мониторингдөөнү мыктылоо өзгөчө (чукул) кырдаалдарга карата биздин дайымы дапдаяр турушубузду жогорулатуунун өтө маанилүү фактору болуп саналат. БУУӨПтүн (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын) жана Жапан Өкмөтүнүн каржылык колдоосу аркасында бул өңүттө кыйла ийгиликтерге жетиштик, – деди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек МАЗАРИПОВ. – Атайын долбоордун алкагында табигый кырсыктардын зыян-кесепетин бара-бара азайтууга, мындан тышкары сел, суу ташкыны, жер жана кар көчкүлөрдү прогноздоону ого бетер жакшыртууга, ошондой эле андан ары оперативдүү чараларды дагы көрүүгө мүмкүнчүлүк таптык.

  • Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетине тушугуу

жагынан абдан алсыз өлкөлөрдүн катарына кошулат, – деди Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Хидеки ГОДА. – Мөңгү көлчөлөрүнүн катарынан жарылуусу гуманитардык, социалдык-экономикалык, экологиялык жана саясий тобокелчиликтерди жаратуусу толук ыктымал! Ошол себептүү Жапония Өкмөтү тыгыз кызматташкан Кыргызстандын мындан ары туруктуу өнүгүүсүнө абдан эле кызыкдар!

-Биз кубаттап жаткан долбоор Кыргызстандын мындан ары туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга карата өтө маанилүү кадам! – деди БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр СЛОВЬЕВ. – Мындай тыгыз кызматташтыктын аркасында биз Кыргызстанда табигый катаклизмдерди алдын алууга жана дагы алардын кесепеттерин ыкчам жок кылуу мүмкүнчүлүгүн гана жогорулаттык!

        Баса, Кыргызстанда жыл сайын орточо эсептегенде сел жана суу ташкындарына байланышкан жетимиштен ашуун өзгөчө кырдаалдар катталып турат. Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, республикабызда 4 миң үй-бүлө дагыле жаратылыш катаклизмдеринин коркунучтуу тилкесинде гана жансакташат. Кыргыз Өкмөтүнүн, жергиликтүү бийликтердин улам-улам эскертүүлөрүнө, а түгүл Сот органдарынын чечимдерине  дагы баш ийишпестен, элеттик тургундар дагыле опуртал үйлөрүнөн коопсуз аймактарга таптакыр көчпөй көшөрүп, жандарын оозоруна тиштеп  олтурушат. Эң өкүнүчтүүсү: өлкөбүздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен тарткан экономикалык зыян-чыгым азырынча 700 миллион сомду араң чапчыды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17