Аймак

ОШТОН ЫСЫК-КӨЛГӨ УЧАКТАР КАТТАЙ БАШТАДЫ

ОШТОН ЫСЫК-КӨЛГӨ УЧАКТАР КАТТАЙ БАШТАДЫ

 321 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасынан көгүлтүр Ысык-Көлгө аба каттамдары ачылды. Бул туурасында «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка караганда, алгачкы каттам ушул жылдын 21-июнунда Ош шаарынан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна  келип конду. Аны менен алгачкы 96 жүргүнчү дагы  учуп келди.

Ошентип, алдыдагы июль айынан баштап Ош жана Жалал-Абад шаарларынан күн сайын Ысык-Көлгө аба каттамдары үзгүлтүскүз аткарыла тургандыгы пландаштырылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17