Өлкө аймактары менен кубаттуу
“АЧЫК ӨКМӨТ” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
274 Бардыгы / «Кыргызстандын паспорту мындан ары мурдагыдай эле оңго-солго, анан дагы туш келди кишилерге сатылбайт!» Бул туурасында президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында ачык билдирди. Садыр Жапаров мурда өлкөбүздүн паспорту чет элдиктерге сатылган учурлар болуп келсе, эми ал документ Кыргызстанда гана чыгарыла баштагандыктан, андайга таптакыр жол берилбей тургандыгын абдан катуу убадалады. – Баарыңыздарга маалым, паспорт, ID […]
275 Бардыгы / «Кыргызстандын паспорту мындан ары мурдагыдай эле оңго-солго, анан дагы туш келди кишилерге сатылбайт!» Бул туурасында президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында ачык билдирди. Садыр Жапаров мурда өлкөбүздүн паспорту чет элдиктерге сатылган учурлар болуп келсе, эми ал документ Кыргызстанда гана чыгарыла баштагандыктан, андайга таптакыр жол берилбей тургандыгын абдан катуу убадалады. – Баарыңыздарга маалым, паспорт, ID […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: «ӨЛКӨ ПАСПОРТУ МУРДАГЫДАЙ ОҢГО-СОЛГО, ТУШ КЕЛДИ КИШИЛЕРГЕ САТЫЛБАЙТ!»
24.06.2024 / Автор anarkan_kg276 Бардыгы /
«Кыргызстандын паспорту мындан ары мурдагыдай эле оңго-солго, анан дагы туш келди кишилерге сатылбайт!» Бул туурасында президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында ачык билдирди.
Садыр Жапаров мурда өлкөбүздүн паспорту чет элдиктерге сатылган учурлар болуп келсе, эми ал документ Кыргызстанда гана чыгарыла баштагандыктан, андайга таптакыр жол берилбей тургандыгын абдан катуу убадалады.
– Баарыңыздарга маалым, паспорт, ID карт жана башка документтердин баары өзүбүздөн гана чыга баштады. Буга дейре «Чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен» деген имиш кептер үстөккө-босток айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экендиги аныкталган учурлар дагы болбодубу. Балким, бүгүнкү күндө дагы көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID карттары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды – 10 жыл, арты – 5 жыл керектелиши мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат. Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады. Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес! Жашыруун корголуучу элементтери абдан көп. Андан тышкары, мурдагыдай оңго-солго, анан дагы туш келди кишилерге сатылбайт!» — деп катуу убадалады президент Садыр Жапаров.
Кыргыз Республикасынын Президенти ошондой эле өлкө жарандары үчүн ID карттарды акысыз алмаштыруу боюнча 2 айлык акция уюштурула тургандыгын дагы кошумчалады.
– Акция 1-июлдан баштап 31-августка чейин жүрөт. «Учкун» мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-июлга даяр болгула! Андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат. Ошондуктан ID картыңарды бекер алмаштырганга шашылгыла? – деп тызылдады президент Садыр Жапаров.
Ал эми президент Садыр Жапаровдун баамында, азырынча жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырганга каржылык күчүбүз жете элек. Күчүбүз жеткен күнү жалпы жарандык паспортту дагы бекер алмаштыруу боюнча акция сөзсүз өткөрүлөт. Ушундай жол менен гана өзүбүздөн чыгып жаткан паспортторго кыска мөөнөттө толук түрдө өтүп кетишибиз абзел!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
-
21.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ АБАКТА ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРГА ШАЙКЕШ ШАРТТАР ТҮЗҮЛДҮ
-
-
-
21.12.2023 / Автор anarkan_kg ЛЕЙЛЕКТИК АЛДАМЧЫ БИШКЕКТЕН КАРМАЛДЫ
-
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.