Аймак

УКМК МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕГЕН КЫЗДАР ҮЧҮН ДИНИЙ ЛАГЕРДИ АШКЕРЕЛЕДИ

УКМК МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕГЕН КЫЗДАР ҮЧҮН ДИНИЙ ЛАГЕРДИ АШКЕРЕЛЕДИ

 234 Бардыгы /

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мыйзамсыз иштеген кыздар үчүн диний лагерди акыры аныктады. Бул туурасында редакциябызга атайын кызматтан билдиришти.

УКМК тарабынан алынган ыкчам маалыматтарга караганда, «Мариям» аталышындагы диний лагерь учеттук каттоосу жок ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Аталган лагерде 9 жаштан 18 жашка чейинки кыздар үчүн «Тажвид», намаз окуу, дуа окуу, ошондой эле балдарды диний жактан тарбиялоо сабактары дагы байма-бай окутулган. Тыкыр текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган лагерь 1970-жылы туулган Баткен облусунун Ж.М.К. аттуу жаранына таандык экендиги тастыкталды.

Комиссиялык тыкыр текшерүүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздугунун, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын, билим берүү программаларынын жол-жобосу таптакыр сакталбагандыгы, ошондой эле диний лагердин окутуучулары менен тарбиячыларынын педагогикалык жана дагы атайын диний билими жок экендиги аныкталды. Мындан улам аталган кемчилдиктер жоюлганга чейин лагердин иши дароо токтотулду.

Ушул тапта ыкчам-иликтөө иш-чаралары кызуу улантылууда. УКМК бардык кыргызстандыктарга балдарды ар кандай диний мекемелерге, мунун ичинде диний лагерлерге жөнөтүүдөн мурда аталган диний мекеме Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштеп жаткандыгын текшерүүнү катуу эскертет. Балдарыңыздын коопсуздугун сактаңыз, мекендеш!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17