Аймак

ПРЕЗИДЕНТ БАТКЕНДЕГИ “АЛГА КАДАМ” УЛУТТУК ИРРИГАЦИЯЛЫК ДОЛБООРУНА ДАГЫ 150 МИЛЛИОН СОМ АЖЫРАТТЫ

ПРЕЗИДЕНТ БАТКЕНДЕГИ “АЛГА КАДАМ” УЛУТТУК ИРРИГАЦИЯЛЫК ДОЛБООРУНА ДАГЫ 150 МИЛЛИОН СОМ АЖЫРАТТЫ

 267 Бардыгы /

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев “Алга кадам” Улуттук ирригациялык долбоорунун аткарылышынан жеринде кабар алды. Облус жетекчиси адегенде ушул тапта үч тоннелдеги абдан кызуу жүрүп жаткан казуу иштерин, анан дагы ачык сугат каналдарынын курулуштарын жеринде көрүп чыкты.

Ошондой эле Баткен облусунун башчысы Абдыкарим Алимбаев“Алга кадам” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен өз ара жолугушуп, ирригациялык өзгөчө маанилүү бул обьектти жүзөгө ашыруу максатында президент Садыр Жапаровдун колдоосу аркасында мамлекет тарабынан дагы 150 миллион сом ажыратылгандыгын айтып, уникалдуу жана келечектүү долбоорду үзгүлтүксүз улантуу максатында ар тараптуу жигердүү колдоолор мындан ары да туруктуу болоорун катуу убадалады. Муну менен катар курулушка жигердүү салым кошкон үч бургулоочуну дагы жеринде эле сыйлады.

Белгилей кетчү жагдай: ушул тапта жергиликтүү калктын  демилгеси аркасында башталган Ак-Суу дарыясындагы суудан Кадамжай шаарынын аймагында жайланышкан Кара-Жантак тилкесиндеги  4200 гектар жерди өздөштүрүү үчүн сугат суу менен толук кандуу камсыздоо боюнча жаңы канал куруу долбоору жүзөгө ашырылууда. Бул магистралдык каналдын жалпы узундугу – 29,805 чакырым, мунун ичинде 3 тоннель бар, тоннелдин жалпы узундугу 6535 метр. Долбоордун алкагында 25 гектар өнөр жай зонасы жана кубаттуулугу 15 миллион м3 жана 3 миллион м3 болгон эки суу сактагыч болот. Долбоорго ылайык жалпы жонунан суу пайдалануучулардын саны – 7600 кожолук. Анын болжолдуу баасы 3 миллиард сомду чачыйт.

Ошентип, жогоруда баса белгиленгендей, бүгүнкү күндө Баткен жергесиндеги “Алга кадам” ирригациялык обьектисинде 720 миллион сомдук жумуштар аткарылды. А мунун 400 миллион сому президенттин фондунан жана республикалык бюджеттен каржыланды. Элдин салымы ушул тапта 107,0 миллион сомду түзүп олтурат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17