Аймак

ПАРЛАМЕНТ ДЕПУТАТЫ СЕЛДЕН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ КАРАЛАШТЫ

ПАРЛАМЕНТ  ДЕПУТАТЫ СЕЛДЕН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ КАРАЛАШТЫ

 117 Бардыгы /

        Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова шайлоочулары менен жолугушуу маалында Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Исхак-Полотхан кыштагына дагы акыры баш бакты.

        Ошентип, эл өкүлү Чолпон Султанбекованын жергиликтүү калк менен кездешүү маалында негизинен социалдык көйгөйлөр гана ачык-айкын талкууланып, ара чолодо жайдагы селдин кесепетинен жапа чегишкен үй-бүлөлөргө көрүлүп жаткан камкордук маселеси дагы көңүл сыртында калган жок. Буга улай парламентарий 100  чакты үй-бүлөгө азык-түлүк жагынан дадил эле каралашты.

        Ошентип, шайлоочулары менен жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Кадамжай районундагы Исхак-Полотхан кыштагындагы «Баяман» мечитинин курулушу жана анын санитардык-гигиеналык ал-акыбалы менен жеринде таанышып, а түгүл каржылык колдоо дагы көрсөттү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17