Аймак

БИШКЕК-ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДАГЫ АҢДАР ОҢДОЛУП-ТҮЗӨЛҮҮДӨ

БИШКЕК-ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДАГЫ АҢДАР ОҢДОЛУП-ТҮЗӨЛҮҮДӨ

 123 Бардыгы /

        Стратегиялык мааниге ээ Бишкек-Ош автоунаа жолундагы туруктуу коопсуздук жана транспорт каражаттарынын автожол боюнча тынымсыз каттоосун туруктуу камсыз кылуу максатында чуңкурларга ушул тапта ремонт жасалууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинен маалымдашты.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун узундугу 687 чакырым. А мунун арасынан 13 чакырымдагы аңгелдер-чуңкурлар тегиз  түзөтүлүп,  заман талабына жараша ылайыкташтырылды. Айтмакчы, аталган трасса өткөн кылымда, 1964-1965-жылдарда курулуп, ананан гана пайдаланууга тапшырылган эле. А Суусамыр өрөөнүндөгү тилке 2001-жылы гана эксплуатацияланган. 1996-жылы жүк сыйымдуулугу 10 тоннагы ылайыкташкан 4 миң автомобилдин күн сайын өтүүсүнө ылайыкташкан бул трасса капиталдык ремонттон араң өткөрүлгөн. Ал эми 2022-жылда Бишкек-Ош автоунаа жолунун 9,5 чакырымында Төө-Ашуу ашуусунда (132,5-141 чакырым) эки каат асфальт төшөлгөн. Албетте, мунун баары убактылуу арга. Ошондуктан, эми 100 чакырымды заманбап асфальттоо жагы мерчемделип жаткан чагы.

Ушул тапта Суусамыр өрөөнүндөгү 152-162 чакырым жолго асфальт-бетон төшөө жагы активдештирилди. Демек, уюштуруу жараяны ого бетер күчөтүлдү. Тилекке каршы, бул аймакта асфальт-бетон заводу жок. Курулуш материлдарынын бардыгын жакын аймактагы Чүй облусунун Жайыл жана Сокулук райондорунан ташып келүүгө аргасыз. Тилекке каршы, асфальтты бул жерге ташып келгиче сапатын таптакыр жоготот. Ошол себептүү Кыргыз Өкмөтү тарабынан бул аймакка чукул арада асфальт-бетон заводун тикелөө жагы дыкаат караштырылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17