Аймак

ОШТО СПИДГЕ ЖАНА ГЕПАТИТКЕ КАРШЫ КҮРӨШ КҮЧӨТҮЛДҮ

ОШТО СПИДГЕ ЖАНА ГЕПАТИТКЕ КАРШЫ КҮРӨШ КҮЧӨТҮЛДҮ

 120 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасында ВИЧ-СПИДке жана гепатитке каршы он күндүк күрөш акциясы башталды. «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгында өткөрүлгөн иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош облустук ВИЧ-СПИДке жана гепатитке каршы күчрөшүү борборунун, Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана вкварталдык комитеттердин кызматкерлери катышышты.

Айтмакчы, Ош шаарынын бардык аймактык муниципалдык башкармалыктарында ушул тапта ВИЧ-СПИД инфекциясы жана анын Улут генефонду үчүн опурталдуулугу кеңири баян этилип жаткан чагы. Андыктан, бул дартка каршы күрөштү ырааттуу күчөтүү, пландуу профилактикалык жумуштарды жүргүзүү жагы айтылды. Мындан тышкары 23-65 жаштардагы жарандардын гепатитке каршы милдеттүү түрдө эмделиши дагы катуу эксертилди.

Ошентип, Ош жергесинде ВИЧ-СПИДке жана гепатитке каршы күрөшүү жараяны ого бетер активдештирилди. Каалоочуларды ВИЧ-СПИДке ананоимдүү жана бекер экспресс-тестирлөө жагы айтылууда. Буга улайы жарандардын милдетүү түрдө медициналык жактан камсыз этилиши дагы эске салынды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17