Аймак

ОШТУК БАЛДАР ЭМИ «ЖЕТКИНЧЕКТЕ» ЭС АЛЫП ЖАТЫШАТ

ОШТУК БАЛДАР ЭМИ «ЖЕТКИНЧЕКТЕ» ЭС АЛЫП ЖАТЫШАТ

 132 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы селден катуу жапа чегишкен үй-бүлөлөрдүн балдары ушул тапта Ош шаарындагы жападан жалгыз «Жеткинчек» балдар лагеринде гана эс алып жатышат. Буларга ошондой эле психо-социалдык көмөк дагы такай көрсөтүлүүдө.

Ошентип, быйыл жайдын ортосундагы нөшөрлөп төккөн жамгыр акыры селге айланган. Мунун кесепетинен Ош шаарындагы бир катар үй-блөлөр абдан эле катуу жапа чегишти. Ошондуктан, Ош шаарынын мэриясы буларга атайын камкордук көрүп, а түгүл 100 баланы калаа четиндеги «Жеткинчек» лагеринен эс алууга жөнөткөн.

Ош шаарынын чекесиндеги «Жеткинчек» лагеринде эс алуу маалында бөбөктөргө педагогдор ар тараптуу көмөк көрсөтүшүп, а түгүл мектепке дагы даярдап жатышат. Ал эми псиологдор жана медициналык кызматкерлер дагы буларга эң зарыл кызматтарды көрсөтүп атышкан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17