Аймак

ЛЕЙЛЕКТЕ ЗАМАНБАП НАСОСТУК БЕКЕТ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

ЛЕЙЛЕКТЕ ЗАМАНБАП НАСОСТУК БЕКЕТ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 123 Бардыгы /

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда 43 гектар жер аянтын сугаруу үчүн «Шоро» насостук бекети курулуп, акыры пайдаланууга тапшырылды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Бешкент айыл өкмөтүнө насос бекетин куруу үчүн республикалык бюджеттен Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 миллион сомдун эсебинен 3,6 миллион сом, анан дагы жергиликтүү бюджеттен 1 миллион сом бөлүнгөн.

Ошентип, аталган долбоордун алкагында насостук бекет жана 670 метрге суу түтүктөрү тартылган. Баса, Шоро участкасы бийиктикте жайгашкандыктан, өз нугу менен дегеле суу чыкпайт. Аймакка Советтер союзу мезгилинде көчмө насостук бекет аркылуу гана суу чыгарылып турган. Аталган бекеттин эскилиги жетип, жараксыз абалга кептелген соң, суу таңкыстыгы жаралган. Айрым жашоочулар өз алдынча суу чыгарганы менен, толук кандуу муктаждык канааттандырылган эмес. Мындан улам республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп «Шоро» насостук бекети жапжаңыдан курулду.

Ушул тапта 10 кожолук жашаган аймакка Шоро булагынан суу чыгарылды. Белгилей кетчү жагдай: Шоро участкасында Бешкент айыл өкмөтүнүн элдеринин үлүш жерлери дагы бар. Бул ирригациялык обьекттин курулушу менен, жалпы жонунан 43 гектар аянт тегиз сугарылат. Тактап айтканда, 13 гектар сугат айдоо, 9 гектар бак-дарак, 9 гектар калктуу конуштун жерлери, 12 гектар жер жаңыдан өздөштүрүлөт. Анын 8 гектары калктуу конуш үчүн, 4 гектар өндүрүштүк ишканалар үчүн жер аянты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17