Аймак

УТРКнын ДИРЕКТОРУНУН МУРДАГЫ ОРУН БАСАРЫ АДЫЛ АКЖОЛ УУЛУ КАРМАЛДЫ

УТРКнын ДИРЕКТОРУНУН МУРДАГЫ ОРУН БАСАРЫ АДЫЛ АКЖОЛ УУЛУ КАРМАЛДЫ

 138 Бардыгы /

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРКнын) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу кармалып, Бишкек шаарындагы  №1-тергөө абагына 4-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) журналистке Кылмыш-Жаза Кодексинин «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айып таккан. А чынында кайсы иш боюнча күнөө коюлганы тууралуу маалымат жок. УКМК журналисттин иши жөнүндө комментарий дагы бере элек. 33 жаштагы Адыл Акжол уулу 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Былтыр июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында гана кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары дагы таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар. Негизинен социалдык көйгөйлөр жана саясий темалар боюнча видеолорду чыгарат. Жакындары жана анын жактоочусу журналистке коюлган айып тууралуу комментарий берише элек.

Быйыл июлда Бишкектеги №4-ооруканада каза тапкан 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин үй-бүлөлүк зорлук-зомбулук маселеси коомчулукта катуу талкууланган, Адыл Акжол уулу маркумдун кайын атасынан дээрлик бир сааттык маек алып өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы катуу талкууга алынган. Бир катар укук коргоочулар, ошондой эле журналисттер Акжол уулу тарткан видеону бир жактуу деп айыптап чыгышкан, журналист маекти сындап комментарий жазгандарды уят сөздөр менен сөккөнүн дагы айтышкан.

Бишкектеги №4-ооруканада каза тапкан 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын бир жыл мурун турмуш курган жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтса, келиндин жакындары күйөө баласын дагыле күнөөлөп жатышат. Анын өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-Жаза Кодексинин 128-беренеси («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») менен кылмыш иш козголгон.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17