Аймак

ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНДА БИР КАТАР КӨЙГӨЙЛӨР КӨТӨРҮЛҮП, ЧЕЧҮҮ ЧАРАЛАРЫ КӨРҮЛӨӨРҮ АЙТЫЛДЫ

ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНДА БИР КАТАР КӨЙГӨЙЛӨР КӨТӨРҮЛҮП, ЧЕЧҮҮ ЧАРАЛАРЫ КӨРҮЛӨӨРҮ АЙТЫЛДЫ

 171 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 13-август күнү Президенттин тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жыйынга Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов, Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаардын мэри Келсинбек Бектемиров, тармактык министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Жолугушууда катышуучулар көп кабаттуу үйлөрдөгү саркынды суу системасын жакшыртуу, таза суу тартыштыгы, балык чарбалардагы калдык сууларды залалсыздандыруу, “Кристалл” заводунун уу калдыктар сакталган жайындагы абалды көзөмөлгө алуу, шаар инфраструктурасын жакшыртуу, мектеп жана бала бакчага болгон муктаждыктарга басым жасашты.

Ошондой эле жолугушууда жарандар укук коргоо органдары жана соттук териштирүүлөргө байланышкан жеке маселелери боюнча кайрылышты. Мындан сырткары шаардагы эски турак жайлардын жашоого болгон кооптуулугу белгиленип, жеткиликтүү ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдү куруу зарылдыгы белгиленди.

Азыркы учурда Таш-Көмүр шаарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун биринчи этабы башталган. Ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда. Долбоордун жалпы наркы 4 млн еврону түзүп, анын 2 млн евросу гранттык негизде берилет.

Эл менен болгон жолугушууда катышуучулар тарабынан айтылган көйгөйлөр, берилген суроолор протоколдук тапшырманын негизинде аткарууга алынып, жыйынтыгы боюнча маалымат бериле тургандыгы белгиленди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17