Аймак

АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛГЕН ГАЛМАМАТ АНАПИЯЕВ ҮЙ КАМАГЫНА КОТОРУЛДУ

АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛГЕН ГАЛМАМАТ АНАПИЯЕВ ҮЙ КАМАГЫНА КОТОРУЛДУ

 312 Бардыгы /

“Алдамчылык” фактысы боюнча үстүнөн козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган Галмамат Анапияев үй камагына котрулгандыгын Ош облустук сотунун басма сөз катчысы шардана кылды.

 Маалыматка караганда, Ош облустук сотунда Галмамат Анапияевдин бөгөт чарасы каралып, сот айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын тандоодо улгайган жаш курагын, жабырлануучуга карата келтирилген чыгымдарды өз ыктыяры менен кайтарып бергендигин, ал жөнүндө күбөлөрдүн катышуусунда тил катдагы  алынгандыгын бекем эске алды.

 Баса, буга дейре Галмамат Анапияев алдамчылыкка шектелип Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Анапияев жергиликтүү тургундун ишенимине бекем кирип, “ДСШ” үлгүсүндөгү көмүрдү көп өлчөмдө жана арзан баада (1 кило көмүрдүн баасын  1,6 сомдон) сатууга убада берип, аны алдоо жолу менен 100 миң долларын алып кеткен. Кийин ал убадасын аткарбастан, ар кандай шылтоолор менен алган акчасын кайтаруудан эмнегедир баш тарткан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17