Аймак

УКМК КЫЗЫЛ КЫЯДАГЫ 15 МИЛЛИОН СОМДУК ЖЕР ТИЛКЕСИН АКЫРЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРДЫ

УКМК КЫЗЫЛ КЫЯДАГЫ 15 МИЛЛИОН СОМДУК ЖЕР ТИЛКЕСИН АКЫРЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРДЫ

 162 Бардыгы /

Муниципалдык менчикте турган, бирок, мыйзамсыз ээленген 15 миллион сомдук жер аянты акыры мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

        Баса, аталган жер аянты  Кызыл-Кыя шаарынын борборунда гана жайгашкан. Жалпы аянты 0,10 гектар. Мунун ичинде коомдук тамактануу жайы дагы бар. Ал эми жалпы наркы 15 миллион сом деп бааланган экен.

        УКМК мындан ары дагы ушундай фактыларды катарынан аныктап, мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жер аянттарын, мекемелерди жана ишканаларды Кыргыз Өкмөтүнүн балансына кайтаруу аракетин ырааттуу түрдө улантмакчы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17